Жабыркаган кыз: "КЫЗДАР БАШЫМА КАТУУ ЧААП САЛЫШТЫ". МЕКТЕПТЕРДИН АБАЛЫН КӨРСӨТКӨН КЕЗЕКТЕГИ КООПТУУ ОКУЯ

9-февраль күнү Чүй облусуна караштуу Москва районунун Ак-Суу айылында Степаненко атындагы №2 орто мектептин окуучусу классташтары тарабынан сабалып, ооруканага түшкөн. 6-класстын окуучусун классташтары "Космостон салам" деген оюнга шылтап сабап салышкан деп айтылууда. Оюндун эрежеси боюнча кыздар бири-бирин кубалап, жетсе көптөп сабоосу керек дешет.

"ОКУУЧУ КЫЗДАР КУУШМАЙ ОЙНОШКОН"

Аталган орто мектептин директору Замир Осмоналиев окуя боюнча буларга токтолду:
– Бул окуя 5-күнү сабак учурунда болгон экен, бирок бул мектептин деңгээлинде гана чечиле турган маселе болчу. Ошол күнү сабак учурунда 6-класстын мугалими 3 мүнөткө класстан чыгып кетет. Жумуштары болуп калганбы билбейм, негизи мугалим катары ишин таштап чыкпашы керек эле. Ал сыртка чыкканда окуучу кыздар куушмай ойношкон экен.
Жабыр тарткан окуучу кыз мурда чанадан жыгылып, ошонун айынан башы ооручу экен. Ал күнү эч кандай жаракат алган эмес. Аны 2 окуучу кыз кармап берип, 15тей кыз сабаган деген кептер калп. 6-класстын окуучулары азырынча периште да, мындай иштерге бара алышпайт. Азыр эле ал окуучу кыздын абалы менен таанышып келдик, телефондогу оюндарды ойноп жакшынакай эле отурат.

"БАШЫМДА ШИШИК БАР БОЛЧУ ДЕП ЫЙЛАПТЫР"

Жабырлануучу окуучунун классташынын энеси Рая Супатаева оюн зыянсыз деп эсептейт:
– Бул оюнду класстагы кыздар ойлоп таап ойношкон экен. Анын эч кандай коркунучу же бирөөнү атайылап таарынтмай дегени жок экен. Аны бүгүн жалпы окуучулар айтып жатышат. Ошол окуя болгон учурда мугалим болгону 3 мүнөткө эшикке чыгыптыр. 5-6 кыз ошол оюнду ойноп жатса, ал кыз өзү келип ойнойм деп кошулуптур. "Космостон салам" деп бири-бирин чабышып жатса, бирөөнүн урганы ал кыздын башындагы шишикке тийип кетиптир. Ал "абайлабайсыңбы, башымда шишик бар болчу" деп ыйлаптыр. Буга чейин өзү ар кимге "чанадан жыгылгам" деп айтып жүргөн экен.
Мектеп директору да, жабырлануучу окуучунун классташынын энеси дагы жаттап алгандай окшош убакытты айтышууда. Мугалим 3 мүнөткө жок болдубу же 30 мүнөткөбү, ал текшерүүгө алынышы керек. Жабыр тарткан окуучунун классташ балдарынан оюн тууралуу сурап көргөнүбүздө, баары бирдей "бул оюнду кыздар ойношот. Оюн "Космостон байланыш" деп аталат, бири-бирин башка чаап ойношот" деп, ал күнү кыздар ойноп жатышканын айтып беришти.

"КЛАССТАШ КЫЗДАРЫМ МЕНИ БӨЛӨ БЕРИШЕТ"

Аталган оюндан жабыркаган окуучу кызга ооруканадан жолугуп, окуя тууралуу өз оозунан уктук:
– Ошол күнү акыркы сабак болуп жатканда мугалим эшикке чыгып кетти. Чачым түйүлүү болчу, бир убакта бир кыз чачымдан тартып, "космостон салам" деп чапты. Бурулуп аны урайын дегиче артымдан кыздар келип мени уруп башташты. Мени сабап жатышканда мен бир кыздын чачын жулдум окшойт, ал мени башка катуу чаап, ары жакка чуркап кетти. Анан башка кыздар келип колумду кармап, чачымды жулуп, башыма катуу чаап салышты. Ошондо башым катуу ооруп, ыйласам, кыздар "таарынчааксың, ар кандай окуяларды ойлоп табасың, ыйлааксың" дешти. Сабак бүткөндө үйгө бардым. Жолду катар кусуп, эки кыз мени араң жеткирип барышты.
Классташ кыздарым мени бөлө беришет, өздөрүнчө топ болуп да алышкан. Буга чейин чанадан жыгылганым чын, бирок төбөм менен жерге тийген эмесмин. Азыр болсо төбөм ооруп жатат.

"БАШЫНАН КАЧАН ЖАРАКАТ АЛГАНЫН АЙТАЛБАЙМ"

Москва районунун аймактык ооруканасынын врач-травматологу Болотбек Наврузов жабырлануучу окуучунун абалы тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:
– Окуучу кыз 9-февраль күнү кечки саат тогузда бизге кайрылган. Биздин нөөмөт бөлүмүнүн дарыгерлери кабыл алып, баш мээси чайкалган деген диагноз койгонбуз. Учурда анын абалы туруктуу, керектүү дары-дармектер менен камсыз болгон. Ал эми башынан алган жаракатты мурда же ошол күнү алганын айталбайм. Келип түшкөндөгү жаракаты менен дарылап жатабыз.

"ОЮНДУН ШАРТЫ БОЮНЧА АРЫЗДАНГАНГА БОЛБОЙТ ЭКЕН"

"Мамлекеттин мыйзамынан дагы окуучулардын мыйзамдары катуу болуп жатат" деген жабырлануучу окуучунун таенеси Жаңылкан Бегалиева буларды айтты:
– Неберемди бир жарым жашынан бери мен багып келе жатам. Ата-энеси Орусияда иштешет. Ошол күнү ал сабактан кечки саат бештер чамасында келди. Аябай ыйлап алыптыр. Үйгө келип эле окшуп кусуп калды. Жалакайлык кылып жатса керек деп көңүл бурган жокмун, чай берсем иче албай койду. Анан мага окуяны айтып берип жатпайбы. Көрсө, эмгек сабагы болуп жатканда мугалим эшикке чыгып кетсе, бир классташ кызы чуркап келип, "космостон салам" деп неберемди башка урат. Ары жактан дагы башка кыздар келип ура башташат. Неберем өйдө болуп бирөөнү урайын деп жатса, эки кыз колун кармап, башка кыздар башына ургулашыптыр. Бирөөсү катуу бир нерсе менен неберемди башка чааптыр. Неберем ыйлап жатса башкалар "чыда, эч нерсе болбойт" деп коюшат дейт. Көрсө, оюндун шарты боюнча бирөөгө арызданганга, ыйлаганга, ал тургай бирөөнү уруп жатышса арачага түшкөнгө да болбойт дешет экен.
Ооруканага алып барып, "кусуп жатканын токтото турган дары бергиле" десем, врачтар неберемди көрүп "баш мээси чайкалган, ооруканага жаткырбасаңыздар болбойт" дешти. Классташтарынын ата-энелери болсо мени "кызын ооруканага жаткыра коюп, эптеп бизден акча өндүргөнү жатат" деп сөз чыгарып жиберишиптир.

Бул окуя боюнча Москва РИИБи тарабынан териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (59)
Birimdik5555
2017-02-23 13:16:13
Байкуш кыз сакайып кетсин,Кудайым шыпаа берсин,тиги мугалимди иштен айдаш керек,кыздардын ата-энелерин жоопко тартыш керек
+1
Targarien
2017-02-23 16:14:38
Озу ар бир класста ошондой топтор болот озунчологуп болунуп суйлобой жургон окуучуларды оту айрылып турган окуучулар келип башка чаап чачын тартып ошентип кычыланып тийишишет А эгерде мугалим ата-энелер баш болуп директору каш болуп ошондой алсыз окуучуларды куноолосо алар суицидге барат Мектептерде коридордо класстарда мектептин айланасында камералар коюлса ошондо ар ким озун тыйып калса керек эле
+1
Batma08
2017-02-23 18:29:37
Ой тообо
0
Raha-83
2017-02-24 16:12:12
Эч кимдин акысы жок бироонун баласына кол которгонго!!! Тарбиясы жок кыздарды тарбиялап коюуу керек созсуз!!!Мугалимдериби Ата энелериби.
+1
Bubu88
2017-02-25 03:36:23
Капкаяктагы шумдук оюндарды таап чыгышат биз илгери бекинбечек ак чолмок кубалашмай ойночу элек
+1
AzKumFerDan
2017-02-26 00:34:03
Мектептерди мугалимдер Кош конул карашат ошонун айынан келип чыгып жатпайбы мунун баары
0
aqua-94mema
2017-02-26 11:47:53
Мугалимдер сабак беришин деле билбей, окуучулар эс жинди болуп кала турган болду.ушул эмне деген оюн эми тооба. Убагында бизде жа чыккан "космоско учту "деген оюн.ал оюнда таяка эки колун байлап азыр учасын деп буттарын байлап шымын шыпырып коюшчуу. Бирок бизде айылдын денгеелинде эле аксакалдар соту адилеттуу чечип коюшкан.
0
Turamidin
2017-02-26 17:41:14
Мектепте булар көп Болотко!!
0
Sezimka27
2017-02-26 23:25:57
мен 7класымда 11клас кыздан келтек жегеним есиме тушуп кетти бантик тагышты унутуп калып мектепке барып одон келтек жеп дубалды сузуп есим ооп директорлор суу чачып есиме келтирип ечкимге айтпаа ата енене айтпаа чогулушта туруп есим ооп калды деп кой кызыым дешип суранышкан тообо апам билгенде деле ечнерсе кылалган емес азырда башым оруйт жиним кклет ушундайларды окусам
+1
Sezimka27
2017-02-26 23:30:13
7 класымда 11кл кыз бантик такпаганым учун дубалды суздуруп урган ичиме тепкилеп урган мугалимдер есиме келтирип директир ечкимге айтпаа ата енене айтпаа деп суранган азырда башым ооруйт
0
SherhaN
2017-02-28 09:11:56
соокурлор го! мээ чапканга эмес кичине эле ударга чайпалат
0
maratik.0708
2017-02-28 10:50:08
Туура жоопко тартылып ошол мугалим. Директор иштен алынышы керек башкаларга сабак болчудай болуп 3 мунот дейт ошол убакта мындай нерсе болбойт да жоопко тартылсын
+1
Guligo.92
2017-08-22 04:33:42
тообаа ошол да оюнбу еми жакшынале ойношсо болбойбу . башка чапкан оюнду еми уктум 6 чы класста чоноюп калышатго . 2 3 класс болсокен
0
Guligo.92
2017-08-22 04:36:03
менин баламы бироо башына чаап корсун барып мойнун бурап келмекмин екинчи чаппас кылып
0
Guligo.92
2017-08-22 04:37:34
тартипсиздер . ошол оюнду байкап калган еле ежейлер токтот бул оюнду деп токтоттуруш керек
0
№ 746, 17-23-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан