ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (20-февралдан 26-февралга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада ден соолугуңузга кам көрөсүз. Энергияңыздын баарын жумушка сарптабай, эс алууга көңүл буруңуз. Аптанын аягыма териалдыка балыңызды жакшыртууга арналат.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта башында сүйүктүүңүз менен болгон мамилеңиз солгундайт. Ортого жакындарыңызды аралаштыруудан алыс болуңуз. Апта соңунда досторуңуз менен эсаласыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада жумуштун көптүгүнөн үй-бүлөсүнө жетишерлик көңүл бура албай бушайман болушат. Дем алыш күнү келечекте сизге колдоо көрсөтчү адам менен таанышасыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта башында ушактан улам жакындарыңызды таарынтып албаңыз. Жаңы таанышуулардан сак болуңуз, алданып каласыз. Аптанын соңу жаңы нерселерди үйрөнүүгө ылайыктуу.


АРСТАН (23.07-23.08)
Дүйшөмбү, шейшембиде жолдо жүрүүдө абайлаңыз. Аптанын экинчи жарымында каржы каатчылыгы жаралат. Андыктан ири суммада соода кылуудан качыңыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Апта башы каржы маселелерин чечүүгө ылайыктуу эмес. Бейшемби күнү сүйүктүүңүз менен түшүнбөстүктөр орун алат, анча-мынча нерсеге көз жумуп коюуга туура келет.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Дүйшөмбүдө тиричилик техникалары менен иштөөдө абайлаңыз. Майда жаракат алып калышыңыз мүмкүн. Апта ортосунда ден соолугуңуз начарлап, күч топтоого убакыт кетиресиз.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Апта башында эс алуучу жайга баш багып, жагымсыз окуяга кабылышыңыз мүмкүн. Дем алыш күндөрү кечеге чакыруу алып, дарегиңизге жылуу пикирлер айтылат.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта башында пландалбаган иштерди жасоо менен убара болосуз. Көп көңүл бөлбөй жакыныңызды таарынтып албаңыз. Дем алыш күндөрү эмерек сатып алышыңыз мүмкүн.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Текечерлер апта башында документ иштери менен иштөөдөн алыс болгону оң. Убакытты текке кетиришет. Ишемби күнү жакшы көргөн адамыңызды алыска узатасыз же тосуп аласыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Абалыңызды жакшыртуу үчүн планеталар сизге энергия тартуулашат, пайдаланып калыңыз. Өзүңүзгө болгон ишеним жана жетекчиликтин колдоосу менен көп иштерди бүтүрөсүз.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Каржы тармагын чыңдоо үчүн көпкүч жумшайсыз. Экстремалдык эс алууну сүйгөндөр сак болбосо, жаракат алуу коркунучу бар. Дем алышты үй-бүлөңүздүн курчоосунда өткөрөсүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 746, 17-23-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан