ОСТЕОПОРОЗ – КАЛЬЦИЙДИН ЖЕТИШСИЗДИГИНЕН СӨӨКТҮН МОРТ БОЛУШУ

Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстан менен Орусияда 50 жаштан ашкан ар бир үчүнчү аял, ар бир бешинчи эркек остеопороздон жабыркайт. Мунун келип чыгуу себептери жана дарылоо жолдору тууралуу Бишкектеги Ортопедия жана травматология илим изилдөө борборунун директорунун орун басары, медицина илимдеринин доктору, ортопед-вертебролог Жаныш Сулайманов баяндайт.

Остеопороз – бул организмдеги фосфор-кальций алмашуусунун негизинде жаралган сөөктүн морттугу (борпоңдугу). Мындай сөөк бат сынма болуп калат.

ООРУНУН СЕБЕПТЕРИ

• Күндөлүк тамак-ашта курамында кальций жана D витаминдери бар азыктардын жетишсиздиги.
Организмде D витамини жетишсиз болсо, тамак-аш аркылуу кирген кальций толук сиңбейт. 5-8 пайызы гана сиңет. Аталган витаминдин жетишсиздиги көбүнчө балдарда итийди, чоңдордо остеопорозду жаратат.

• Ички бездердин оорусу (эндокриндик оорулар).
Гормоналдык системдин иштөөсүнүн бузулушу сөөктөрдөгү кальцийдин жуулуп кетишин шарттайт.

• Климакс.
Калкан сымал жана бөйрөк үстүндөгү бездердин гормондорду иштеп чыгаруусу төмөндөйт. Бул сөөктөр түзүлчү коллагендик булалардын тыгыздыгына жана түзүлүшүнө терс таасир этет.

• Анемия.
Дартта адамдын тамакка табити жоголот. Аз тамак жегендиктен, организмде кальцийдин өлчөмү азайып жүрүп отурат. Аялдын кош бойлуу кезинде гемоглобини аз болсо, баласы да анемия болуп төрөлүп, акырындап сөөгү морт боло башташы мүмкүн.

• Кээ бир оорулар (гастрит, энтероколит, ашказан жарасы).
Аталган дарттар тамак-аш менен кирген пайдалуу элементтердин, анын ичинде кальцийдин сиңирилүүсүн бузат.

• Сезгенүү менен коштолгон дарттар (ревматоиддүү артрит, остеоартроз жана башка).
Оорулардын кесепети сөөктү борпоң кылып салат.

• Газдалган суусундуктарды көп ичүү.
Жыйынтыгы кальцийдин көбүрөөк жуулуп кетишине жеткирет. Муну өзгөчө кош бойлуу аялдар эске алуулары зарыл.

• Жаш курак.
Жаш өткөн сайын кальцийдин сиңүүсү начарлайт.

• Күн нурунун алдында, таза абада аз сейилдөө.
Күн нуру организмде D витамининин иштелип чыгуусун шарттайт. Витамин болсо кальцийдин жакшы сиңишине өбөлгө түзөт.

Остеопороздун белгилери

50 жаштан кийин алган жаракаты оор болбосо деле сөөк сынып кала берет.
Арка-бел уюп, сыздап ооруйт.
Адамдын бою кичирейет, чөгөт.(50 жаштан кийин 3-4 сантиметр, бул борпоң болуп калган омуртка сөөктөрүнүн сынышынан да болот).
Келбет бузулат, омуртка кыйшаят.
Адам салмагын жоготот (кальций жуулуп кеткенде сөөк жеңил болуп калат).

АЛДЫН АЛУУ

Жаш балдарды күнгө көтөрүү, күндө ойнотуу;
40-45 жаштан баштап кальций каражаттарын врачтын кеңеши менен ичип баштоо;
Климакс башталгандан тартып өмүр бою кальций ичүү;
Курамында D витамини жана кальций бар азыктарды көп жеш;
Жогоруда аталган оорулар болсо, дарыланып айыгуу;
Көбүрөөк кыймылдоо (кыймыл көп болсо, сөөк бекем болот);
Тамеки чекпөө, ичкилик ичпөө (кальцийдин сиңишине терс таасир этет);
40-45 жаштан кийин жылына 1-2 ирет сөөктүн минералдык тыгыздыгын билүү үчүн денситометрия аппаратына түшүп, текшерилүү керек.

ДАРЫЛАП АЙЫКТЫРУУ

Дартты толук дарылап айыктыруу мүмкүн эмес. Бирок канчалык бир деңгээлде айыктырууга жана өөрчүтпөй кармап турууга болот. Дарылоо комплекстүү жүргүзүлөт (дары-дармек, дарылык физкультура, D витамини, кальций каражаты жана башка). Өнүккөн түрүндө адам тайгаланып жыгылса деле сөөгүнүн бир же бир нече жери сынып кала баштайт. Андай сынык остеопороздук сынык деп аталат, оңою менен бүтпөйт. Операция жасап, сынган жерди медициналык темир, шруптар менен кармата албайсың, себеби сөөк борпоң болгондуктан аларды кармабайт. Сыртынан гипс койсоң деле шалактап жакшы кармабайт. Ошентип оорулуу жылдап дарыланат, убактысы да, дарыланууга акчасы да коройт. Андыктан дарттын алдын алуу керек.
Азыр кальций каражаттарынын түрү көп. Алардын ичинен кээ биринин сиңимдүүлүгү төмөн. Андыктан 80 пайыздан өйдө сиңириле турганын алуу керек.
Кальций каражатынын 1 жылда 1 жолу сайылчу ампула түрүндөгүсү бар. Баасы 4000-5000 сом, бирок аны алган менен, тамак-ашка курамында кальцийи бар азыкты колдонбосоң, аз кыймылдасаң баары бир остеопороздун жаралуу коркунучу бар.

D ВИТАМИНИНЕ БАЙ АЗЫКТАР


КАЛЬЦИЙГЕ БАЙ АЗЫКТАР

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Munarbek1988
2017-03-29 08:12:45
жаш балдардын тишинин укаланып тушуп калуусу боюнча врачтардан кененирээк маалымат алып бериниздерчи сураныч.
0
admin_superstan
2017-03-29 12:08:04
Munarbek1988, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Jaziko80
2017-03-29 22:26:14
Жакшы кенеш экен .Рахмат супер инфо орундоп осо бергиле.
0
Leilek-razzakov
2017-04-03 00:39:37
Супер Инфо ишинерге ийгилик калеминер курчуй берсин. Силерден сураныч жаш балдардын ДЦП ооруусу жонундо кенениреек жазгылачы, интернетте кыргызчасы аз экен. Газетанарды айылдагылар да окушат, кош бойлууларга пайдасы тиет деген ойдомун. Азыр дцп коп кездешип жатат.
0
admin_superstan
2017-04-03 09:36:50
Leilek-razzakov, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
№ 751, 24-30-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан