Бегимай Карыбекова, модель: "3 СААТТА 2 МИҢ ЕВРО АЛГАН КҮНДӨРҮМ БОЛГОН"

Бегимай Карыбекова учурда чет өлкөдө жашап, моделдик дүйнөнү багынтып жаткан кыргыз кызы. Айылдык кыз Европа менен Азиянын подиумдарына кантип жетти? Маектен окуп билиңиз.

КААРМАН ТУУРАЛУУ:

Туулган жылы, күнү
– 1998-жыл, 3-сентябрь
Туулган жери – Нарын облусу, Ак-Талаа району, Тоголок Молдо айылы
Бою – 176 сантиметр
Салмагы – 48 килограмм
Параметри – 83-59-88
Билими – Кыргызстан эл аралык университетинин дипломатия факультетинде 2-курста окуйт

– Бегимай, мода дүйнөсүнө алгачкы кадамды качан таштадың эле?
– Мен Ак-Талаада чоң ата, чоң энемдин колунда чоңойгом. 9-классты бүткөндөн кийин Бишкекке келип, колледждердин бирине тапшыргам. Модель болуу кичинемден берки кыялым болчу. 14 жашымда Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин сулуулар сынагына катышып, агенттиктердин көзүнө түштүм. Орусиянын "Kate Models" деген агенттигинен чакыруу түшүп, Краснодарда иштөөгө мүмкүндүк алдым. Ошентип карьерам уланып кетти. Өткөн жылы Германияда өткөн "Дүйнөнүн топ модели-2016" сынагында 50 кыздын арасынан суурулуп чыгып алдыңкы жетиликке кирдим. Жолдомо алып, Шри-Ланкада өткөн "Мисс интерконтиненталь" сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алдым. Андан соң Германиянын медициналык аппараттарды чыгаруучу компаниясы менен 2 жылдык келишим түзүп, ал компаниянын жүзү болдум. Алар 3 сааттык фотосессияга 2 миң евро төлөп беришти.
Көптөгөн агенттиктердин директорлору, моделдер менен таанышкандан кийин жолум ачылып, азыр Сингапур, Гонконг, Филиппин, Таиландда келишим түзүп иштеп жатам. Келишимдин негизинде ар бир мамлекетте 2 айдан иштейм.

– Социалдык тармактарга купальникчен түшкөн сүрөттөрүңдү жүктөйсүң, сын-пикирлер көп болобу?
– Ата-энем буга башында каршы болушту. Бирок чет мамлекетке көп чыгып, жашоого болгон көз карашым өзгөрүп кетсе керек. Адамды жүзүнөн эмес, кылган мамилеси, жүрүм-туруму аркылуу сындаш керек. Социалдык баракчамдагы сүрөттөрүм – бул менин моделдик жашоодогу образым, жашоодо башкачамын. Мындай сүрөттөр окурмандарымдын 10 пайызына жакпаса, калганына жагат. Жашоодо 2 тандооң бар. Сени бирөө сындайт же сен бирөөнү сындайсың. Мен сындалган жакшы деп ойлойм.

– Бул чөйрөдө атаандаштык күчтүүбү?
– Башында аябай кыйналгам, коркутуулар да болгон. Азыр кыздар артымдан сүйлөшкөнү менен, бетиме эч нерсе айта алышпайт. Мен алдыда болгонум үчүн сөз кылышат деп ойлойм. Модель кыздар аябай айлакер болушат. Сени бирөөгө жаман көрсөтүүнү каалашат. Кийимдериңди уурдап кеткендер да болот. Бирок Бишкекте аты чыгып калган моделдердин көбү менен досмун.

– Моделдикти азгырыктуу чөйрө деп айтышат. Сулуу кыздарга көз арткандар да көп болот эмеспи?..
– Чындыгында, Кыргызстанда андайды көрө элекмин. Чет өлкөдө көпчүлүк кыздардын "демөөрчүлөрү" бар. Мен андайды туура эмес кабыл алам. Белек-бечкек жөнөтүп, журналисттер аркылуу таанышкысы келгендер көп.

– Ата-энең тууралуу айта кетсең...
– Атам сүрөтчү, музыкага да жакын, бир нече аспапта кол ойното алат. Апам кол өнөрчүлүк менен алектенет. Алар ар бир ийгилигиме кубанып, колдоп турушат. Чоң атамдын көзү өтүп кеткен, чоң апам болсо жылуу сөзүн аябайт.

– Сыр болбосо, канча табасың?
– Биз да кадимкидей айлык алып иштейбиз. Андан тышкары ар бир фотосессияга 50 миң сом төлөнөт. Чет өлкөдө көргөзмөдө подиумга бир чыкканың үчүн 100 доллар аласың. Бишкектеги көргөзмөлөр 1000-1500 сом төлөшкөнү үчүн катышпайм.

– Өзүңө кантип кам көрөсүң?
– Келбетим үчүн ата-энеме ыраазымын. Чачыма, бетимдин терисине кам көрөм. Фотосессияда ар түрдүү боёнгонго туура келет, өзүм көп боёнбойм. Бирок такыр боёнбой жүргөндө жаш көрүнүп калам. Элдин "сүрөттөгүдөн башкача экенсиң" деген сөзүнөн коркуп кээде көп боёнуп алат окшойм.

– Келечектеги кыялың?
– Буюрса, ушул жылы Германияга окууга тапшырайын деген оюм бар. Эң башкы максатым – "Аалам сулуусу" сынагына катышып, Кыргызстандын атын таанытуу.

– Маегиңе рахмат, тилегиң орундалсын!

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бегимай Карыбекова, модель: "3 саатта 2 миң евро алган күндөрүм болгон"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (169)
frunze14
2017-04-15 11:44:38
Кыргызстанды дуйного таанытпай эле койсун деп айтаар элем. Кыргызстан да ар бир адам же башка нерсе сыяктуу жакшы жана жаман жагы менен таанылат. Азырынча олко спорттон чон ийгилик жаратып же экономикабыз дуркуроп осуп жакшы жагыбыздан таанылып жаткан жокпуз. Кыргызстан учурда сойкулары, кылмышкерлери, терреристтери менен дуйного таанылууда. Буга жарым жыналач баатырларды кошуп койгула...

+2
Aygul777
2017-04-19 22:35:20
frunze14, туура кошулам
0
frunze14
2017-04-15 11:49:08
Ошол силер тенсинбеген 5-10 сом таап пол жуугандар адал эмгеги менен акча тапкандар. Силерчилеп устундогу кийимин ыргытып женил оокат, коп акчанын артынан тушпогондор. Ошол тентиген мигрант бир ай эшектей иштеп кыйналып акча таап уйуно 5-10 мин сала алса, демек ал жашоого биздин "чондор" жеткируудо, элдин ырыскысын калтырбай жеген... Ошондой болсо да кыйынчылыкка майышпай копчулук адал эмге6и менен нан таап журот. Бар арасында женил оокат, арам тамакка ыктагандар, ыйманы жок...
+1
Munarka
2017-04-15 17:17:32
Суймонкул Чокморов журналист дегени учун мис болуп журот окшойт
+1
MoltirJan
2017-04-15 18:59:13
Ушуга окшогон жарым жыланачтар кыргыздын кыздарынын намысына тийип жатышат.Кокурок жамбашын корсотуп тапкан арам акчасына мактанганын айтпа.Ата энеси да кандай кишилер тооваа.Жаканды кармайсын.Буга окшогондор акча учун баарына даяр кулдай туруп беришет.
+1
Badu88
2017-04-16 04:24:58
Ушундай жылаңач кийими жок баштанган кызды тарбиялап өстүргөн ата энесине ХХХХ айтам кызынын бүт денесин коргозуп таап келген акчасына кантип нан алып жеп отурушат кантип тамагынан өтөт ошол наны атасы ХХХ кой кызым сен деген эртеңки энесин кыргыздын тукумун улоочу аялзатсын деп койбогон ХХХХ
0
Doni097
2017-04-16 20:32:19
Башын асманда болсо да бутун жерде экенин унутпа...
+1
jora-jora
2017-04-16 21:08:22
Акчан болсо калтанда талтан да гоо талтанда болуп бул кыз талтандап кетиптир
0
kufa
2017-04-16 21:24:40
Бул жерде кыргыздарды кемситкендей суйлоптур, Эмнеге анда Кыргызстанда журоот. Аллах ыйман берсин, башка соз жок.
+1
elif
2017-04-16 21:56:53
Мактангыдай кызыбыз экен,бирок озунду озун эмес сени биз мактасак жакшы болоор эле,мейли эми Кыргыздарды дуйного таанытып иштей бер.
Урматтуу окурмандар,силер да жумурткадан кыр издебей жон эле колдоп койсок кантет,элибизди дуйного тааныткан саналуу эле адамдарыбыз бар,жетбесе жетбейт да акчасы,Европадан кийинип атсп эмне бар экен анда?
-1
Deniza88
2017-04-17 00:17:43
Ха ХА ХА мына жердеги комменттин 1-2окуп дальше кулкум келди!!!!! Бегимай эгер сен да окусан жылмайдын болсон керек.
-1
lusia
2017-05-06 17:48:52
Бизде модель деген тушунук жакшы онуго элек го дейм да, ошон учун аз толоп беришет, а Германияга барып коп акча тапкан кыз Кыргызстандын акчасына алым сынбай калат. Башка олколордо моделдерди жакшы эле кабыл кылышат, ал жакта бикини деген да конкурс бар, а биз баарын эле туурай беребиз го. Кинолорубуз деле, музыкабыз деле, модабыз деле. Анан туурап купальник кийип койсо аябай сындабай эле коелу, озубуз деле колдун жээгинде купалникчен майларыбызды корсотуп журбойбузбу
0
lusia
2017-05-06 17:50:38
анан эле ыймандуу боло калабыз калп эле, озубуздун бир жерибиз корунуп жатканы менен ишибиз жок.
0
lusia
2017-05-06 17:52:05
Бирок бул кыз коп эле конкурстарга катышыптыр, анан суроого жооп бере албай калганы жаман болуптур, же жалан эле фотосессияга катышып журуп конуп калса керек.
0
lusia
2017-05-06 17:52:57
Биз деле 3 саатта 2 мин евро тапсак чон суйлоп калмакпыз. Анча кетпегиле туугандар
0
Kymbatym456
2017-07-21 11:46:59
Кыргыздын атын жарым жыланач болуп чыгарасынбы уят кыргыз кыздарга туура келбейт андай нерселер
0
№ 753, 7-13-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан