КӨЛ БОЮНДАГЫ БИРИНЧИ ТҮН

– Атым Алия. Бой жетип чоңойгондон тарта жигиттердин жүрөк оорусуна айландым. Бул менин апама окшоп сымбаттуу, кара каштуу, узун чачтуу болгонумдан болсо керек. Менин артымдан ээрчиген жигит толтура эле, а менин бир гана максатым – ошол кезде популярдуу болуп жаткан ырчы мырзанын жүрөгүн багындыруу болчу. Болбосо ал ырчынын жашы менден бир топ улуу, үй-бүлөлүү болчу. Ага карабай мен "ырчы менен бир түн болмоюнча турмушка чыкпайм. Кыздык белгимди ошол мырзага гана арнайм" деп алдыма максат койдум. Ал үчүн айылдан Бишкекке концертине келчүмүн. Дагы жакшы көлдүк болуп калганым, баткендик болсом эмне кылат элем?
Ошентип жүрүп ал ырчы менен бийчи курбум аркылуу таанышып калдым. Бир көргөндө эле "клипке тартыла турган кыз экенсиң, чачың дагы узун турбайбы" деп чачыма арбалып калды.
– Көлдүн ак куусу болосуңбу?
– Ооба.
– Жашың канчада?
– 18де.
– Кызарып бышып, үзүлөйүн деп турган чагың экен да. Үзүп алсам кана, эх,- деп тамаша-чыны аралаш сүйлөп калды. Бул ырчы сыртынан олуттуу көрүнгөндүктөн мындай сөздөрдү күткөн эмесмин. Бирок мага бул тамашалары жагып жатты. Ошентип аны менен телефон аркылуу сүйлөшүп жүрүп өтө жакын болуп кеттик.
Жайкы каникулда көлдүн жээгинде пансионат иштеткен эжеме жардам берип иштеп калдым. Бир күнү сүйүктүү ырчым телефон чалып, "каяктасың?" дейт, "көлдөмүн" десем, "кечинде концертке келбейсиңби" деди. Макул болуп бардым. Концерттен кийин ырчы-чоорчулар менен бир музыканттын үйүнө барып конок болдук. Үй ээлери мени ырчынын администратору деп ойлошту окшойт, эч нерсе сурашкан жок. Элдин баары чарчап уктайлы деп жатканда ал "Алия, жээк бойлой басып келбейлиби?" деп калды. Бүт кыргыз кыздары ашык болгон ырчы менен жетелешип, кыналыша көл жээктеп басып бараттым. Аябай сөзмөр, анан тамашакөй экен. Анын сөзүнө эрип, өзүмдү уятымдан эле араң кармап бараткам. Бир маалда ал:
– Алия, жер чийген чачтарыңа оролуп чыкпай калсам, ээ. Канча жыл өстүрдүң чачыңды?- деп калды.– Апам 5-класстан бери кайчы тийгизбей кастарлап келет.
Өпкүлөп, жыттагылап бара жаткан ырчым "өзүң кастарлап келген аялуу жериңди мага арнайсыңбы?" деп кучактай жыгылды. Менин да көзүм тумандап, кантип ырчынын астына суналып жатып бергенимди билбей калдым. Ал таттуу сөздөрүн, ошол эле жерден эргүү келип кеттиби, куюлуштура ырларды арнап жатты. Өзү айткандай, жер чийген чачтарыма ороп алып такыр кучагымдан чыгарбай, өзүмдүк кылып менчиктеп алгым келди. Мына эми көздөп жүргөн максатыма жеттим. Мындан кийин далай таттуу түндөрдү, ырахатка балкыган кечтерди өткөрдүк. Байкасам, мүнөзүбүз да бири-бирибизге төп келет экен.
Ошентип азыр экөөбүз баш кошуу тоюна камынуудабыз. Ал эми ырчыны төшөктө багынткан түндөн бизге белек катары болочок наристебиз курсагымда.

Алия

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (136)
Nur312
2017-05-01 11:00:55
Мен дагы эробекетке өткөн кеткен окуялардан жазайын дедим эле, кантсем болот ыя?
+1
gulbar
2017-05-04 13:02:40
а тигил ырчынын уй булоосу эмне болду ия? уй булоосу бар ырчы деп атпады беле Алия
0
voennyi88
2017-05-10 15:16:38
Каап ырчы болуп калбай.
-2
kalysbek283
2017-05-15 12:26:33
Мазза кылыптыр ох кана мен болуп калсам баланын ордунда .
-1
m_93kg
2017-05-15 22:44:24
эх алахым ушундай кыздардан сакта.
0
m_93kg
2017-05-15 22:47:36
алахым ушундайларга ынсап бере кор
0
manap90
2017-06-20 17:56:04
ушундай жеңил желпи кыздардан сактасын.
0
CHYNGYZ_85
2017-07-30 07:36:57
Просто жомок же корком филим
+1
rus228300
2017-08-13 00:53:57
Сонун жомок экен.
+1
123m
2017-08-16 23:44:32
Салам достор, бул жомок эмес экен. Соз ктм жонундо экенин билдим. Бул ырчы эмес, шоу чойронун окулу, жана ошондой эле бул той дагы болгон, баласы да торолгон. Чындыгында Мырза (куйоосу) аялын кызын таштап коюп ушул биййкечти алды.
+5
Kuduret-Batken
2017-08-23 16:32:04
Баткенден болсон озум жайлайт элем
+1
Jayloobek
2017-08-31 16:28:17
Бир уй - булону бузуптурсун,экоон баш кошкондон кийин ,озуно окшогон башка бир кыз ырчынын жашоосунда пайда болот,анан башка тушконун коросун.!
0
Abdynur
2017-10-19 19:07:00
Жакшы жомок экен
+1
1996
2018-05-14 06:32:18
Анча окшошпой калыптыр.
0
Ayka0696
2020-09-17 21:09:36
Бактылуу бол
0
№ 754, 14-20-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан