МАЛИКА ДИНА ДУБАЙДАН КЕЛИП МИЛИЦИЯНЫН КОЛУНА ТҮШТҮ

17-май күнү ырчы Динара Акулованын кызы Малика Динаны Дубайдан Бишкекке учуп келери менен укук коргоо органдары кармап кеткени тууралуу маалымат тарады. Ырчы кыз кандай кылмышы үчүн милициянын колуна түштү? Окуянын чоо-жайын билүүгө аракет кылдык.

ЧЫРДЫН БАШЫ – ЖОЛ ТАНДАБАС ЛЕКСУС

Өлкөгө аты таанымал ырчынын милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, суракка алынышы ар кандай божомолдорду жаратты. Ырчынын апасы Динара Акуловага кайрылганыбызда, ал төмөнкүлөргө токтолду: "Жыл башында ушундай ызы-чуу болбоду беле, ошонусу. Кармалбай эле, ооруканада, азыр операция бөлүмүндө. Малика ден соолугуна байланыштуу Дубайдан Бишкекке дарыланууга келген. Аны аэропорттон өзүм тосуп алгам, бирок келери менен эле акыбалы начарлап, ооруканага алып келгенбиз. Эч ким кармап кеткен жок. Бул иш илгери эле бүткөн, болгону ортодогу алдамчыларды таппай жатышат. Аларды тапмайынча кызымды суракка ала беришет экен".
Эске салсак, ушул жылдын башында Чүй облусунун Аламүдүн РИИБине Малика Динанын үстүнөн жергиликтүү жарандан арыз келип түшкөн. Анда арыз ээси "Малика Дина Lexus GX470 үлгүсүндөгү унааны ижарага алып, аны кайтарып бербей жатат" деп кайрылган. Бирок ырчы: "Биз унааны ижарага алганыбыз чын, бирок акчасын төлөп бергенбиз. Менин үстүмдөн милицияга эч кандай арыз жазылып, кылмыш иши козголгон эмес. Атым белгилүү болгону үчүн жөн гана жалаа жаап, каралап жатышат",- деп нааразы болгон эле.

ИЖАРАГА АЛГАН УНААНЫ САТЫП ЖИБЕРГЕНБИ?

Чындыгында эле Малика Динаны көрө албагандар, ага бут тоскондор аны каралап жатышабы же окуянын башка да өңүтү барбы? Бул суроонун жообун табуу үчүн Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына кайрылдык. Аталган мекеменин басма сөз кызматкери Назира Имангазиева бул окуя боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 2017-жылдын 3-январь күнү Аламүдүн РИИБине 1959-жылы туулган тургун арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2016-жылдын 30-декабрында Малика Дина аттуу жаран ижарага алган Лексус GX470 үлгүсүндөгү унааны кайтарып бербей жатканын айткан. Арыздын негизинде иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада Малика Дина документтерди жасап, унааны башка адамга сатып жибергени аныкталган. Ушул жылдын 11-январында Малика Динанын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүмү (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган алдамчылык) жана 350-беренеси (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, сатып өткөрүү же пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. 9-март күнү сыртынан айыбы угузулуп, 11-мартта Аламүдүн райондук соту аны камакка алуу чечимин чыгарган. Кылмышка шектүү Малика Дина 17-май күнү Дубайдан учуп келери менен Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан "Манас" аэропортунан кармалып, аталган РИИБге жеткирилген. Сурак учурунда ал өзүн жаман сезип, ооруканалардын бирине жеткирилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ТИМА АТТУУ СЫРДУУ ЖИГИТ КИМ?

Өздүк булактардын берген маалыматына караганда, Малика Дина Темирлан аттуу жигит менен ижарага алган Лексус үлгүсүндөгү унаа 540 миң сомго сатылган.Ал эми ырчынын үстүнөн арыз жазган адам өз арызында унаасын 1 миллион 50 миң сомдук унаа деп белгилеген. Кийин ырчы жабырлануучуга чыгымын төлөп берип, ал тосмо арыз жазып берген. Ага карабай жасалма документтерди даярдоо кылмышы да орун алгандыктан, иш кыскарган эмес. Тергөө иштери жүрүп жаткан маалда айыпталып жаткан Малика Дина өлкөдөн чыгып кеткен. Ал эми Малика Динага шерик болгон Темирлан аттуу жигитти издөө иштери жүрүп жатканы айтылууда.
Жабырлануучу адамдын да оюн угалы деп Аламүдүн айылындагы унааларды ижарага берүүчү жайлардын бирине бардык. Тилекке каршы, арыз ээси өзү жок болуп чыкты. Ал эми унааларды ижарага берүүчү жайдын башка кызматкери "бул иш бүткөн болчу. Унаанын акчасын төлөп бергенин же бербегенин айта албайм. Аны милиция кызматкерлери кармаганын да билбейт экенмин" деп бизди кетирүүгө шашты.

Динара Акулова менен байланышып, өздүк булактар маалымдаган Темирлан тууралуу да сурадык, бул мезгилде ооруканадагы Малика Динага операция жасалып бүткөн экен:
– Операция ийгиликтүү аяктады, бирок азыр наркоздон чыга элек. Жанагы Тима деген Маликанын таанышы кылган бул ишти. Маликанын паспортун колдонуп, машинаны сатып качып кеткен. Ошол бойдон жок. Эми тергөөчүлөр "ошол шылуунду таап бер" деп кызымдын артынан кууп жүрүшпөйбү. Кайра-кайра ишти козгоп, кыйнап жатышат,- деп билдирди.

РИИБден берилген маалымат боюнча, Малика Динанын акыбалы жакшырары менен тергөө иштери кайрадан улантылат.
18-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту ырчынын баш коргоо чарасын карап, аны тергөө бүткөнчө үй камагында калтырды.

Нурбек Абдыкадыров,
Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Динара Акулова: "Малика досторунун алдамчы экенин билген эмес"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
samash2442
2017-05-22 14:51:48
Ыйлабанызчы Динара эже баары жакшы болот буйруса боорум ооруп кетти сизге
+3
admin_superstan
2017-05-22 17:05:08
gulaza, далилсиз маалыматтарды жазуудан алыс болуңуз. Эскертүү!
0
syrduujan
2017-05-22 22:13:48
Куйосу кайда Маликанын...ажырашканго ....
-1
chinara.1967
2017-05-22 23:06:39
Эненин журогун ооруткан мащенниктерге наалат,Динарага боорум ооруду,сабыр кылыш керек бироонун бетине коо жаап жаман атты кылган адамды жер да бир куну которо албай калаар,алдыдагы кундор жакшы болсун!
0
naera
2017-05-22 23:25:16
Маликада да куноо бар.Эмнеге анчалык кымбат машинаны ижарага алат.Жон эле такси мн ойноп келишсе болбойт беле.Алган сон убагында кайтарып берип,документтерин такташтырып койбойт Беле.Анан куйоосу бар аял эмнеге эркек Достору менен ойногону барат.Кыздар менен же куйоосу,аяштары менен барса да тушунот элем.Ар Бир адамга ыйман бере кор да.Шамал болбосо чоп да кыймылдабайт.
+6
Mers124
2017-05-22 23:43:33
Эрке кыз го, нике тойдон биринчи бешик тою болгондо бир шекшидим эле.
+2
asanova1984aida
2017-05-23 01:11:07
Коп баскан аяк, ХХХ басат.
+2
meineblume
2017-05-23 01:37:24
Егер озун куноолу деп ойлосо дубайдан кайра келмек беле, алданып еле калды ,
+3
gulya81
2017-05-23 08:41:23
Сабыр зтиниздер баары жакшы болот деп ишенебиз.
+1
nurayka92
2017-05-23 09:43:04
Бул МаликаДинанын эри бар элего ал эмнеге жардам бербейт карабайт чыккан кыз чийден тышкары дейт бул наборотго баягы эле апасына жүк түйшүк болуп жатат эри болгондон кийин Тима деген бала мн бале барбы ижарага машина алып өзүңө чыгаша эле кылыпсыңда
+2
AKCAHAT
2017-05-23 13:52:09
Куру намыс понт деп журуп олуп кетмей болдуго шоу бизнестегилер Лексус миниш шарт беле арендага алып. Эми мынтип шермендеси чыгып олтурат куйоого тийген бир баланын энеси ботон эркек мн. Кайын журтуга деле уят да. Баарынан да Динара эжеге кыйын . Эрге тийип дагы тынчыбай энени шорго малып
+3
telibay
2017-05-23 15:41:09
Бечара
+3
KIRA.
2017-05-23 23:01:52
куйоого тийип,кайра ажырашып оздорун пиар кылышат го бул ырчыларын,ажырашкан го,болбосо куйоосу бар кыз минтпейт да,кудайым сактасын
+4
Nazaraliva.begaiym
2017-05-25 10:53:53
Аллах сабыр берсин. Кимдин күнөөсү болсо Аллах өзү жазаласын.
+1
balzak
2017-05-25 14:39:50
КРнын ИИМнин жол кайгуул кызматына сурооолор, кайрылуулар бар эле, СуперИнфо мумкун болсо алар менен байланыштырып суроо-жооп кылсаныздар жакшы болот эле, алдын ала рахмат!!
+1
admin_superstan
2017-05-25 16:49:40
balzak, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
№ 759, 19-25-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан