ТУРМУШ ТҮЙШҮГҮН ЖАЛГЫЗ ТАРТКАН ЭНЕЛЕР

Үй-бүлөдө жашоо түйшүгүн адатта аял менен эркек чогуу көтөрөт. Биз төмөндө маектешкен айымдар турмуштун түмөн түйшүгүн жалгыз моюндарына артып келе жаткандар. Аларга кандай мактоо айтпайлы, кандай орден такпайлы, жетишсиз болот.

Бегимай Карабаева, ырчы: "УЛУУ КЫЗЫМА ЖОЛУККАН САЙЫН ЫЙЛАЙМ"



- Турмуш деген алты тамганын ичинде сүйүү, күйүү, өкүнүч, арман, бардыгы камтылыптыр. Турмуш түйшүгүн күйөөм менен жашап жатканда деле тарткам, азыр деле тартып жүрөм. Айрымдар мени "ырдайм деп жүрүп ажырашты" деп ойлошот экен. Бирок андай эмес. Турмушка чыккандан кийин ырчылыкты таштап, кайын журттун ырын ырдап, алардын тегирменинде айланууну чечкем. "Экөөбүз тең иштебей отуруп алсак эмне болот?" деп соода да кылдым.
Ажырашканыбызга 3 жыл болуптур. Турмушуң араба экен, түртүп кете берет экенсиң. Болгону күчтүү болушуң керек. Ыйлап эч нерсе кылбай отуруп алган киши эмесмин. Ар бир баланын ырыскысы бар, чоңоё берет. Улуу кызым быйыл мектепке кирет. Кайненем "Ошто, шаарда өссүн, бул жакта билим берүү айылга караганда жакшы" деп ажырашканда эле улуу кызым Айдайды алып калган. Ал кишиге ишенем, жакшы карайт. Кызым кайнежелеримдей болуп тарбияланса, мыкты инсан болот деп коём. Кичүүсү Адемай менин жанымда, мектепке киргиче бутума туруп, Оштогу үйүмдү бүтүрүп кирип алайын деп иштеп жатам.
"Кызым эле" деп ушуга чейин күйөөм бир да жолу бир нерсе көтөрүп келип койгон жок. Муктаждык болгон күндө да атасына кайрылбайм. Адемай эс тартып, өткөөл куракка келгенде талаалап ырдап жүргүм келбейт. Анткени ушул учурда кызга эненин колдоосу керек. Улуу кызыма каникулда барып турам. Азыр ал ийримдерге барат, мектепке даярданып жатат, алагды кылгым келбейт. Барганда "сиз менен жашайынчы" деп ыйламсырап, моюнумдан кучактап зээнди кейитет. "Үй бүтсүн" деп жоошутуп коём. Анан «Үй бүттүбү?» деп сурай берет. Ага жолуккан сайын жан дүйнөм аңтарылып, жүрөгүм жанчылып, ызама буулуп артымды карабай ыйлап кетем.

Гүлбү Ороскул кызы, ырчы: "КАТАРЫ МЕНЕН ТӨРӨП АЛБАГАНЫМА ӨКҮНӨМ"



- Турмушка чыгып жаткан кыз дагы, үйлөнүп жаткан жигит дагы "ажырашып кетем" деп эч качан ойлобойт. Жакшы тилек, жаркын үмүт менен баш кошушат. Бирок тагдыр ажырашууга алып келсе, айла жок, баарына чыдайбыз, көтөрөбүз. Мен эч нерсеге өкүнбөйм. Болгону убагында катары менен төрөп албаганыма кейийм. Анткени ажырашып кеткен күндө деле бала сеники да, туурабы? Бала жашоого стимул берет, жөлөк-таяк болот. Ошондуктан көп балалуу болууга эмне жетсин? Кыздар менен сүйлөшүп калганда өзүмдүн жон терим менен сезген нерсемди айтып калууга ашыгып, "эч нерсе качпайт, убагында төрөп алгыла" деп сайрап жатам. Карьераны 50-60-70 жашта деле жасасаң болот. Бирок ал убакта наристе жытын искей албайсың.
Мага жолдошум менен ажырашканым деле билинген жок. Кызын турмушка берип жатканда Элмирбек деле колунан келген жардамын берди. Керектүү даярдыкты көп жылдан бери өзүм камдап жүргөм. Эч нерседен кыйналган жокмун. Эркектин жумушун мурун деле, азыр деле өзүм кылам. Сантехникага, электр зымдарына байланыштуу иштерди айрым эркектерге караганда жакшы түшүнөм. Керек болсо учурда салып жаткан тамымдын кышын да коюшкам. Аны "Достор" тобунун кыздары билет. Бирок азыр курулушту токтотуп коюп, жөн эле жакшы жашоого өттүм. Кыздарым жакшы кийинсин, жакшы тамак ичишсин, мыкты билим алышсын деп калдым.

Нэна, ырчы: "БАЛДАР САГЫНДЫ ДЕП АТАСЫНА АЙТУУГА АКЫМ ЖОК"



- Үй-бүлө куруу, эне болуу кыз баланын жашоосунун маңызы. Мен дагы "бактылуу болом, эне болом" деген жакшы ойлордун кучагында турмушка чыккам. Бирок очогу бузулгандардын арасына мен да кошулуп калдым. Бул тагдырдын буйругу экен деп кабыл алдым. Бала үчүн ата-эне кандай түйшүк тартпасын кыйналдым деп айтпаш керек. Себеби бала жаралдыбы, ал балалык доорун сүрүүгө, жакшы жашоого укуктуу. Ата-эне баланы бул жарыкка алып келген соң жоопкерчилигин кошо тарта билиш керек. Ар бир баланын ырыскысы бар. Ошондуктан Кудайым берерин унутпайт деген ойдомун. Албетте, кыйынчылыктар бар. Бирок мен жалгыз эмесмин. Ата-энем, бир туугандарым бар. Эне болгондон бери алар мени колдоп келишет. Атасы каржы жактан жардам бербейт, болгону алимент төлөйт. Элге "балдарды көрсөтпөйт" деп айтат экен. Бирок андай эмес. Сагынганда келет окшойт, 2-3 айда бир көрүп кетет. Балдар, албетте, сагынышат. Азыр ал үйлөнгөн, ошондуктан "балдар сагынып жатат" деп айтууга акым жок. Балдарымдын мыкты болуп чыгышын тилеп азыртадан бир нече тил үйрөткөн жеке менчик бала бакчага бергем. Алардын жаркын келечеги үчүн бүт аракетимди жумшайм. Учурда жашоом жакшы, телегейим тегиз.

Залина Касымова, кыл кыякчы: "БАЛДАРДЫ АТАСЫ МЕНЕН КАТТАШТЫРБАЙ КОЮУ БОЛБОЙТ"



- Ажырашууну Кудайдын берген сыноосу деп түшүнөм. Бул сыноонун артында чоң күрөш турат. Мен депрессияга алдырбай, чыгармачылык, балдарым менен алаксып жеңип өткөнгө аракет кылдым. Ажырашууну трагедия катары кабыл албай, эң биринчи ойлорумду оңдодум. Келечекке жаркын үмүттөр, тилектер менен умтулуп, кылып жаткан аракетимди көргөн балдарым да бышыгыраак болот го деп ойлойм. Ансыз деле аялзатынын тагдыры, жашоодо аткарган функциясы оор.
"Шарт ушундай" деп белди бекем бууп иштеп жатам. Кудайга шүгүр, балдарым эч нерседен кем эмес. Атасынан деле эч нерсе сурабайбыз, көңүлү келип бир нерсе алып бергиси келсе каршы болбойм. Балдарымды келечекте биз сыймыктана турган инсан кылып тарбиялап чыгам деп ишенем. Моралдык, материалдык жактан колдоо көрсөткөн ата-энем бар. Чыгармачылыгыма байланыштуу эки жакка кеткенимде балдарым таята, таенесинин жанында болушат. Балдарым аларга жакын, ата-энем да балдарымды менден артык көрүшөт. Атасы менен катташтырбай коюу оюм жок. Балдардын чоңдордун ортосундагы түшүнбөстүктөрдүн курмандыгы болушун каалабайм.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (52)
Mumu1986
2017-07-18 20:10:14
Бегимай, ишинизге ийгилик, эртерээк уйунуз бутуп калсын ылайым! Кыздарыныз менен бактылуу омур сурунуз , ошол жакшы ниет менен курулуп жаткан уйдо.
+4
taalay25
2017-07-18 21:51:59
Уй булоо институту ото кооптуу абалга жеткенинен кабар берет ажырашуулар. Социалдык, экономикалык шарт себеп деп ойлосон жашагандары монсартный уй, которгондору акыркы улгудогу смартфон, айфон, мингендери жол тандабас джиптер.
+2
Rawka95
2017-07-19 00:42:51
Ииии Нена качан ажырашкан? Админ Ненаны чакыргылачы коноко сураныч
+3
admin_media
2017-07-19 12:17:39
Rawka95,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз, рахмат!
+1
love.me.again
2017-07-19 01:21:25
Иии ушу эркектер баласынан бир сом бербей жаткандар, баласын бир сурап койбогондор же аргасыздан соттун окуму менен алимент тологондор силерге: ит деле баласын ойлойт, озу жебесе да баласына бир деме табып келкт а силер ошол итче жоксунар. Кадыр баркынар, адамдык сапатынар , ой жугуртуунор албетте итчелик эмес. Кыргыз эркектерге уй булону багуу боюнча тренинг откоруш кереек. Бизде уй булом деген 10%эле болсо керек.
+10
Djal1987
2017-07-19 03:47:10
Айпери,Аида(Саматтын Долотбаковтун аялы)Назира Айтбекова,Малика дина,Айя,ууу айта берсе коооп болот экен. Карапайым аялдар озунчо тема. Эркектер эмне эле болуп баратасынар озу ажырашып башка катын аласынар ошондо эле бешененер жылыйбы? Достойно жашагылачы эркектер! Кобу изменадан.,апасынын созунон чыкпагандар,жанын кыйнап иштегиси келбегендер. Москвада Бишкекте канча келиндер 1 же 2 бала мн калгандар,ошолор 5.7 тороп кыргыздын санын кобойтсо болмок эрлери туз жашап. Коздорун тыйыш керек эркектер
+8
Zizika88
2017-07-19 19:05:37
Djal1987,Доолотбаков деп адашып албадынбы?
+2
love.me.again
2017-07-19 19:15:49
Zizika88,менда назираны ажырашты деп уктум го. Инстадан куйоосунун суроттторун очуруп салды. Балким торобой жатканы учунбу же кайындары мн мамилеси учунбу ажырашты билбейм айтор. Айпери , малика, айта бнрсе соз коп ажырашкандар боюнча
+1
meni_kut
2017-07-20 10:43:13
love.me.again,уулу барго
0
Aidan88
2017-07-22 05:03:52
love.me.again, ooba,Nazira Aitbekova ozu facebook barakchasynda okup kaldym da,ajyrashkany chyn go.
0
ayjan_90
2017-07-19 14:34:30
Чын эле коп уй булодо акчаны аялдар табат алдыга суйрогон аялдар аман бололу эркектер ото аз уйум жайым балам кызым дегендер мисалы мен озум деле айлыгым азыраак чыгып калса мен сенден коп таап жатамын качан норм акча табасын деп жемелеп салат болбосо балам да кичине
+5
MIRAN
2017-07-19 17:49:02
Нэна ажырашты беле эми угуп датам.Байкуш куйоому чыгармачылыкка аралаштырбайм куйоом красавчик деп бекитип журуп алдырып жибериптирда
+3
Patriot7
2017-07-19 21:24:13
Бул макала куйоосу менен ажырашкан келиндерге майдай жаккан окшойт... Ажырашууга оздору себепкерби жокпу, куноону эркектерден издеп, эркектерди жамандап ушактоого аларга бир мумкунчулук берилиптир да эми... Койнундагы куйоосунун баркына жете албай, эми туштон кийин жамандап калмай адаттары бар булардын........
-9
Djal1987
2017-07-20 03:51:34
Patriot7,ХХХ ХХХ Эркек эректей болсо балдар ата мээрими менен чоноет
+2
admin_media
2017-07-25 15:12:31
Djal1987, жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар!
0
kiki080808
2017-07-20 16:36:45
Patriot7,бизде кыздардын кобу эч качан оздору ажырашышпайт. Кобунчосу эркектер кунолуу.Алкаш болсо да, жакшы бакпаса да куйоом болсун, куйоосу жок дебесин деп жашашат.Мен билгендин куйоолору балдарын жакшы карамак тугул алимент кызганышат.
+5
ayana91
2017-07-20 13:27:43
Адашкандын айбы жок кайра жарашып алгыла.Балдардын жаркын келечеги ата-эненин колунда.Балдарга омур тилейли.Мырзаларга татыктуу ата болгула.Аларды жер каратпагыла.
+2
lady_91
2017-07-20 21:32:09
Тынардын аялы Диля беле аны эмнеге айтпадынар
0
meni_kut
2017-07-21 12:40:54
lady_91,Лилия
+1
Gyiwak
2017-07-23 08:18:46
кыскасы биздин эркектердин көбү жоопкерчиликтен коркушат, слабый пол болуп баратат аялдан айырмасы жок
+2
Izana
2017-07-24 13:46:53
Айтбекова жарым жыланач суротторун жуткой баштаганында кеп бар турбайбы. ..Балким депрессиядан ошентип чыгайын деп жатса керек,,.
0
Lekarstvosvoegomuja
2017-07-25 11:57:15
Малика Дина ажырашты деген информация берип коюнузчу Супер Инфо
0
Samarish1216
2017-08-01 00:04:22
Мен ойлойм, наристелер энесиз өскөнчө атасыз өскөндөрү жакшы деп. Себеби кыргызда "аталуү жетим- арсыз жетим, энелүү жетим-эрке жетим" деген кеп бекеринен айтылбаса керек. Кудайым эне менен баланы ажыратпасын.Албетте толук кандуу үй-бүлөдө чоңойгондон өткөн бакыт жок. Айтайын дегеним, жогорудагы айымдар балдарын аталарын жоктотпой багып жаткандарында шек жок. Күнөө аялдардабы, эркектердеби, айтор ажырашууда эн негизгиси наристелер энелеринен ажырабасын, бул эң негизгиси!
+1
Samarish1216
2017-08-01 00:04:42
Ал эми күнөө эки тарапта тең болот.
0
№ 767, 14-20-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан