Өзгөн районунун Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Этер айылындагы Төрөгелдиевдердин үй-бүлөсү жаңы гана турмуш жолуна жакшы тилек менен узаткан кызынан айрылып калышты. Жакындары 21 жаштагы Мээримгүл Баатырбек кызы өз өмүрүнө кол салмак эмес дешүүдө.
«КӨК АЛА БОЛГОН КЫЗЫМДЫ ЧҮПҮРӨК МЕНЕН ДА ЖААП КОЮШПАПТЫР»
«1 уул, 4 кыздын атасымын. Тилекке каршы көкүрөк күчүгүм Мээримгүлдөн айрылып, анын эмнеден улам каза болгонун билбей, акыйкат издеп жүрөм» деген маркумдун атасы Баатырбек Төрөгелдиев окуя тууралуу буларды айтып берди:
- Кызым Мээримгүл 1996-жылы туулган. Кыздарымдын кичүүсү болчу. Өзү 9-классты бүткөндө Ош шаарындагы бычмачы-тигүүчүлүк окуусуна тапшырып, аны аяктап Ош шаарында иштеп жаткан. Ушул жылы 5-майда кызымды турмушка узаткам. Тойдон көп өтпөй «үйдү сагынып жатам» дегенинен апасы күйөө бала экөөнү Өзгөнгө чакырып, ал-акыбалын сурап чай ичишкен эле. Ошондо кызым апасына бир нерсе айта албай «жөн гана маанайым жок, баары жакшы» деп койгон экен. Телефон менен сүйлөшүп турчубуз, акыркы кездерде байланышсак жолдошу же кайненеси алып ошолор менен гана сүйлөшүп жаттык.
23-июнь күнү Ошто жашаган кызым телефон чалып «Ата, Мээримгүл «таптакыр жашай албай калдым, кайнене, кайын сиңди менен жашаган оор экен» деп телефондон айтты, эмне кылалы?» деп сурады. Эртеси арапа болгондуктан 2 күн чыдап турсун, арапаны өткөрүп алалы анан барып сүйлөшүп келебиз деген чечимге келдик. Бирок эртеси «Мээримгүл жыгылып, ооруканага түшүп калды» деген кабар келди. Кемпирим экөөбүз ооруканага барсак Мээримгүлдүн көк ала болгон жансыз денесин чүпүрөк менен да жаап койбостон жаткырып коюшуптур. «Муну мынчалык ким урду, ким кылды?» деп ызылдасам эле кудагый келип «тепкичтен кулап түшүп ооруканага алып келдик. Жолдон үзүлүп кетти» деп айтты. Тамтыгы жок көк ала болгон денесин көргөзсөм, «Мээримгүл короодогу койду кармап турду эле, ошол сүзгөн окшойт» деди кайра. Күйөө балам болсо ыйлап эле эч нерсе айткан жок. Кийин гана "асынып өлгөн" деп чыгышты.
«КЫЗЫМ МУУНУП ӨЛГӨНДӨЙ ЭМЕС, БЕТИ-БАШЫ ТАЗА ЭКЕН»
- Мен ооруканадан эле соттук-медициналык экспертизага кызымды текшертүүгө бердим. Эксперт эч кимибизди катыштырбай жыйынтыгын чыгарды. Ал башында «өзү муунган эмес жана жаак сөөгү сынган» деп айтып жаткан. Кийин көк ала тактарын, сынган жаагын эксперт көрүп турса да, туура эмес жыйынтык чыгарды. Биз бул чыгарылган жыйынтыкка нааразыбыз. Окуя болуп кеткенден бери куда тарапка «болгон чындыкты айткыла» деп бир нече жолу кайрылдым. Бирок алар ортого аксакалдарды салып «сүйлөшөлү, келишели, сен эмне кааласаң ошону кылалы» деп акча да сунушташты. "Акыйкатты айткыла" десем, «бир жолу келип суранып көрдүк, макул болбосоң өзүңдөн көр» деп кетип калышты.
Мен кызымдын өзү асынып алганына ишенбейм. Биринчиден, моюнуна муунгандан калган так толук түшкөн эмес, экинчиден, бети-башы көгөрбөптүр. Эгер адам муунуп каза болсо бети-башы көпкөк болуп көгөрүп, көзү чанагынан чыгып кетейин дегенчелик абалга келип, адам катуу кыйналып каза болот. Менин кызымдын буту-колу көк ала, бети таптаза болуп жатпайбы. Ичимдин ачышканы өздөрү уруп-согуп эле «ушинтип өлдү» деп коюшканында. Кийин кудагыйдан «эмнеге башында жыгылып кетти деп, анан муунуп өлдү деген сөздөр айтылып жатат?» деп сурасам, «ошол маалда катуу корккондуктан айтып алыптырмын» деп жатпайбы. Суранарым, укук коргоо органдары болгону ушул ишти акыйкат тергеп беришсин.
«ЧЫДАБАЙ КАЛДЫМ ДЕП ТЕЛЕФОН ЧАЛГАН ЭЛЕ»
Маркумдун бир тууган эжеси Анипа Төрөгелдиева окуя туурасында төмөнкүлөрдү кошумчалады:
- Мээримгүл акыркы күндөрү мага телефон чалып «кыйналып, чыдабай калдым. Кайнене менен жашаган болбойт экен» деген эле. «Көнүп кеткичекти ушундай кыйынчылыктар болуп турат» деп айтып, мындай жаман иш болуп кетерин ойлогон да эмесмин. Сиңдим намаз окучу. Эгер өз жанын кыйса кандай азап-тозок аны күтүп турарын беш колдой билет эле. Бизге кудалар "келинибиз жоолугуна асынып алды" дешти, бирок экспертизада моюнунда ичке жиптин тагы калгандыгы билинген. Эмне үчүн тууган-уруктан, кошуна-колоңдон жок дегенде бир күбө сиңдимдин асынганын көргөн эмес? "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен кармалган күйөө баланы Өзгөн райондук соту үй камагына чыгарып коюптур.
«ЖЫГЫЛЫП КЕТТИ ДЕП ТЕЛЕФОН ЧАЛГАНЫМ ҮЧҮН КҮНӨӨЛҮҮ АТАЛЫП КАЛДЫМ»
Маркумдун күйөөсү Ноорузбек Кубатов менен да бул иш тууралуу байланыштык. Анын айтымында, келинчегин уруп-сабоо болгон эмес. Ал окуяны мындайча баяндап берди:
- Мээримгүл экөөбүз туугандарыбыз аркылуу таанышып, сүйлөшүп жүрүп кийин жолуктук. Экинчи жолу жолукканда ага үйлөнүү тууралуу сунушумду айттым да, ата-энемди үйүнө куда түшүп барууга жибердим. Эки жак сүйлөшүп, тойду 5-майга белгилешти. Ошентип биз баш кошуп жашай баштадык. Биз жашаган 49 күндүн ичинде ортобузда эч кандай уруш-талаш болгон эмес. Себеби Мээримгүлдүн уруш чыгарчу мүнөзү жок болчу. Андыктан менде дагы аны ура турган эч кандай себеп болгон эмес. Ал кыйналганын мага айткан эмес жана анын кебетесинен андайды байкаган эмесмин. Бир жолу «ата-энемди сагынып жатам» дегенинен төркүлөп барып келгенбиз. 22-июнда Мээримгүл короодогу койду кармайм деп үйдүн пайдубалына чалкасынан жыгылыптыр. Ошондо «ооруканага баралы» десем көнбөй койгон. 23-июнь түнү досторум менен түнкү саат 1ден 3төргө чейин сүйлөшүп отуруп үйгө келсем, Мээримгүл уктап жаткан эле. Эртеси эртең менен турсам апам экөө тең үйдөн көрүнүшпөдү. Апам Мээримгүлдү ооруканага алып кеткен го деп ойлоп телефон чалсам, апам инисиникине кетиптир. Анан Мээримгүлдү издеп жүрүп отун жыйнаган кампага кире калсам мени караган боюнча асынып туруптур. Аны жибинен бошотуп алып эле ооруканага алып жөнөдүм.
Мен жаман кабарды тууган-урукка «жыгылып кетти» деп телефон чалып айткан элем. Ошол сөздөн мени күнөөлүү кылып жатышат. Сөөктү бизге бербей кайын журтум тарап өздөрү жерге беришти. Кийин кеткен чыгымдардын тизмесин жазып бизге төлөп бергиле деп колубузга карматышкан. Экспертизанын жыйынтыгы болсо «катуу нерсеге урулган, ким чапканын же башка себебин тергөө аныктайт» деп жыйынтык чыгарып берди. Мээримгүлдүн апам менен мамилеси жакшы болчу, дагы деле эмнеге ушул ишке барганына түшүнбөй жатам.
«ЭКИНЧИ ИРЕТ ЭКСПЕРТИЗА ДАЙЫНДАЛДЫ»
Бул боюнча Ош ОИИББинин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев буларды билдирди:
- 24-июнь күнү Өзгөн РИИБине аталган райондун Салам-Алик айыл аймагындагы айылдардын биринде 21 жаштагы Мээримгүл Баатырбек кызы асынып каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 102-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен кылмыш иши козголуп, 8-август күнү кылмышка шектүү катары маркумдун жолдошу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми 10-августта Өзгөн райондук сотунун чечими менен ал үй камагына чыгарылган. Жабырлануучу тарап соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына макул эместигин билдиргенине байланыштуу бул иш боюнча кайра жаңы соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда анын бүтүмү чыга элек. Маркум өзү асынып алганбы же киши колдуу болгонбу, ал боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg