ЭМГЕК СИҢИРГЕН АРТИСТ НААМЫНА КИМ ТАТЫКТУУ?

Үстүбүздөгү жылдын 31-август күнү маданият кызматкерлерине, алардын ичинде ырчы Самара Каримова, Гүлжигит Сатыбеков, Нурайым Азыкбаевага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды. Ошол күндөн бери мамлекеттик сыйлыктарга маданият кызматкерлери кандай критерийде көрсөтүлүп, тандалып жатат деген тема талкууда. Ушундан улам маданият жана искусство тармагында эмгектенген инсандарга «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамына ким татыктуу?» деген суроо менен кайрылдык.

ЭГЕМБЕРДИ ЧАЛАБАЕВ, актёр, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти:


– Наамдар маданият талаасына өмүрүн сайып койгон, кыргыз искусствосу өлбөсө экен деп кызмат кылып келаткан инсандарга берилиши керек. Эбак эле Эл артисти наамына татыган Марат Жанталиев, Өмүрзак Токтомуратов, Айнура Тургунбаева, Руслан Курманалиев деген актёр, актрисалар жүрөт. Ушулардын эмгегин көрбөгөндөн кийин башканы айтып эмне кереги бар? «Жаштарга бериш керек» дешет. Ыйман менен жашап жүргөн аксакал актёрлорубуз картайганда талаада калат бекен? Бул болгону кагаз да. Театрдын жан дүйнөсүн сезе билген инсандар бул тууралуу баш көтөрүп айтат бекен десем, эч ким үн катпайт. Ушундан улам театрдын жетекчиси катары артисттердин көзүн карай албай жүрөм.

МУРАТ МАМБЕТОВ, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти:


– 50 жашка чыккан кыйын артисттер наам албай жүрүшөт. Алар бирөөгө кошомат кылбаган чыныгы таланттар, жылкы союп берип, тааныштарды ортого салышпайт. Эмгеги сиңген артист эмес, маданияттын мыкты кызматкери деген сөзгө татыксыздар алып жатышат. Комиссия маданиятты түшүнгөн адамдардан куралып, Ак үй, өкмөткө тийиштүү адамдар кийлигишпесе жакшы болмок. Канчалаган образдарды жараткан белгилүү Марат Жанталиев ушул убакка чейин наам ала элек. Наамды татыктуу адамдарга беришсе элдин азыркыдай кыжыры келбей сүйүнмөк да.

ГҮЛНАРА КАХАРОВА, ырчы:


– Мен «эмгегим сиңип калды» деп документ топтоп бир дагы жерге барган эмесмин. Негизи, татыктуулар толтура. Мисалы, Токтобүбү Черикчиева, Мерген Турган. Мага сыйлыктын кереги жок, болгону акыйкаттын жоктугуна күйөсүң.

КЕНЖЕ ДҮЙШЕЕВА, ырчы:

– Чыгармачылыкта эмгектенгениме 23-24 жыл болуптур. Ушул наамга документтеримди жыйнап сунуштоодон уялып, өзүмө сын көз караш менен карап жаткам. Бирок акыркы көрүнүштөр адамды кыжалат кылбай койгон жок. Улуу муундагы Шахрезада Аскарова, Гүлнара Кахарова, Токтобүбү Черикчиева, Мерген Турган сыяктуу адамдар бар. Алардын артынан биз келе жатабыз. Наамды берердин алдында бардык тарабын карап, канча жыл эмгектенгенин эске алышса.

КАНЫКЕЙ, ырчы:

– Бул наамга өзүмдүн агайым, көп жылдан бери маданият тармагында эмгектенип, керемет ырларды аткарып келе жаткан Токтобек Асаналиевди ылайыктуу көрмөкмүн. Талантты татыктуу, татыксыз деп бөлүүгө акым жок. Өзүм аталган наамды алуу жөнүндө 15 жыл эмгегимди сиңирген соң ойлонуп башташым мүмкүн.


ЭРНЕСТ АБДЫЖАПАРОВ,
режиссёр:


– Наам берүү бул бийликтин өздөрүнө элдин көңүлүн бурдурчу системи. Татыктуулардын баарына берүү мүмкүн эмес болуп, нааразычылыктар көп чыгат. Кимде-ким наам алгысы келсе жагалданып, жалынсын. Мен дайыма эле айтып келем, жаш өткөндө пенсия менен кошо берип, анан ал адамдарды мамлекет карамагына алса, азыркы чыгармачыл адамдар кийинки жашоосун эстеп ошого иштемек. Азыркы ырчы-чоорчулардын 60 жашка чыга электери бул наамга татыксыз деп эсептейм. Ал эми кино жаатында акыркы он жылда оператор, сүрөтчү актёрлордон наамдарды алып эле жатышат.

ЗАКИРБЕК ДҮЙШӨНБЕК УУЛУ, комузчу:


– Мени 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамына сунушташканда баш тарткам. Анткени устаттарым Руслан Жумабаев, Рахат Көчөрбаев сыяктуу эмгеги качан эле сиңип бүткөн агайлардын башын аттап кете алган жокмун. Азыр да эртелик кылат деп ойлойм. Бул наамды алууга бери жагы 20 жыл эмгектенип, эл аралык сынактарга катышып мамлекетибизди таанытып жүргөн инсандар татыктуу. Андайлар көп эле. Ошолордун эмгегин көрүп, баалай алчу чоңдорубуз жетишсиз болуп жатат окшойт.

ИЛЬЯЗ АБДЫРАЗАКОВ, ырчы:


– Өзүмдү Эмгек сиңирген артист болууга жашмын деп жүргөм. Бирок көпчүлүктүн мен тууралуу ойлорун билип, «Ильяз деген ырчы бар эле, ал дагы алса жакшы болмок» деп ойлонуп баштадым. Эмгектене берсек бизге дагы берилип калар.


ОМАР
, ырчы:


– Мен Эмгек сиңирген артист наамын сөзсүз түрдө улгайганда алуу керек деген ойдон алысмын. Бирок улуу муундагы эмгеги сиңген адамдардын унутта калуусуна да каршымын. Жаштарга келсек, чет өлкөдө мамлекетибиздин желегин желбиреткен Кайрат Примбердиев, Жийдеш Идирисова, бизде эле эмес, казак эли сыйлап, ырларын аткарып жүрүшкөн Ильяз Абдыразаков жок дегенде президенттин Ардак грамотасын алышат деп күткөн элем.


АТАКТУУЛАР ИНТЕРНЕТ АЙДЫҢЫНДА ЭМНЕ ДЕП ЖАЗЫШУУДА?

Белгилүү инсандар да интернет тармактарында өз ойлорун жазып калтырууну улантышууда.

ТҮМӨНБАЙ КОЛДОШОВ,
ырчы, обончу:


– Ой, Болот ака! (ред: ырчы Болот Токтобаевге кайрылууда) Сизге айттым эле "күнүмдүк ыр жазыңыз" десем, "таза сүйүүнү, ыйык махабатты ырдайм" дейсиз. Мына, "элдин балдары эмгек сиңирдик" сиз жүрөсүз, "Адамдар бирөөгө кор, бирөөгө зар" деп коюп. Экөөбүз "дүмбүл саткан сары кыз" деген ыр жазбасак репутацияга доо кетирдик. Президенттин указына ылайык, наам алгандарды чын жүрөктөн куттуктайм! Ишиңиздер илгери болсун!


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТАР ЖАНА НААМДАР ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан «Мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдары» жөнүндө кабыл алынган 14-беренесинде төмөнкүдөй жазылган:
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти ардак наамы маданият жана искусство жаатында кеминде 15 жыл иштеген, ашкан көрүнүктүү чыгармаларды жараткан учурларды кошпогондо, театр, музыка, кино, теле жана цирк искусствосу жаатында жогорку көркөмдүктөгү образдарды, жалпы элдик таанылууга ээ болгон спектаклдерди, кинофильмдерди, телефильмдерди, музыкалык чыгармаларды жараткан мыкты кесипкөй артисттерге, дирижёрлорго, режиссёрлорго, операторлорго, сүрөтчү-коюучуларга, кийим боюнча сүрөтчүлөргө, үн операторлоруна, хормейстерлерге, балетмейстерлерге, музыкалык аткаруучуларга, концертмейстерлерге, элдик чыгармачылыктын чыгармаларын аткаруучуларга, музыкалык, хор, хореографиялык жана башка жамааттардын көркөм жетекчилерине ыйгарылат.


Нуркыз Курманбек кызы,
Айсалкын Качкынбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (82)
kyrgyzstan00
2017-09-14 14:35:48
Бирок супер инфо кечээги туз эфирде эмне учун суроолорду окубай койдунар же силер деле Асан акадан тартынып корктунарбы?Ырас туз эфирби элдин берген суроосун окууга тийиш эленер???
+4
cfif03748
2017-09-15 06:49:27
Наам канча турат экен?козду жумуп мен да алып койоюун.атасынын кору.
+9
omur81
2017-09-15 16:21:13
Самара наамга татыктуумун деп эч ойлобо
+5
farida.kg.1991
2017-09-15 22:16:55
Айжамал Кабылова эмгек синирген наамды сатып алышкан экен Самара Каримовалар Айжамал Кабылова айтип койдуго.
+2
Dembele84
2017-09-15 23:26:03
Акыйкаттык жок.Тааныш билиш тажатып бутту
+2
BebeU
2017-09-16 08:47:38
Биз инстаграм баракчанарга ой калтырдык эле,аларды эч ким деле конулго албаган го сыягы...15жыл кеминде десе анда,чын эле акыйкатсыздык болуптур сыйлык ээлери.Бираз иштегенче куто турушса татыктуу эле болчусунар негизи,эмгеги синип 15 эмес 35 жыл эмгектенип келаткан устаттарды сыйлап ордунарга ошолорду корсотуп,комоктошуп улгу болсонор кана эле?Сооп болмоктур,аттин!Кантсе да авансты ашыгы мн тологуло эми,ошончо акыйкат деп боздогон элдин кадырын сыйлап.Таланттууларга,адилеттуулорго таазим!
+2
Sanjar96kgz
2017-09-16 08:57:23
Гүлжигит Сатибеков татыктуу деп эсептеймин чыныгы талант. А Самарараны айта турган болсок,билбкйм эмне деп айтышты сөз жок короче,уялам кадимкидей эмне кылганына алды болду экен деп,эски ырларды ырдап чыкты болгону. Маданияттын мыкты кызматкерин берсе маакул дейт элек,уят уят эле. Самара наамыңдан баш тарт,кадырың ошондо өсөт эмгектен жаңы ырларды жаздыр иште,жолдошумдун доорунда жыргап жүрө берем деп ойлоп жатасыңбы,анткениң болбойт уят деген болуш керкк адамда!!!
+4
mega777
2017-09-16 13:06:59
Самара Каримова кайсы эмгегине алды?Кыргыз маданиятына кантип эмгек синди,маданияттын кайсы тарабын которду?качан?Озуно таандык,сыйлыкка татыктуу ырлары кайсылар,Айтып койгулачы бай болгурлар...
+3
Gulnaz.GS
2017-09-17 20:42:58
президент кандай болсо.азыркы наам алган ырчылардын денгээли ошондой да.Бакиевтин убагында спортсмендер которулгон болчу.дуйного таанытып Кыргызстанды
+4
Uhtishka.
2017-09-17 21:10:12
Самарага бербей эле койбоптур ,берген адамдар озун кулку кылып алышты .Кече бешиктен чыккан ырчы ,озунун ыры барбы экен ?
+1
Gulnaz.GS
2017-09-17 21:44:38
президенттин вкусундагы ырчылар булар точно.озуно да наам берип койсо вообще супер болмок
+3
aiym96
2017-09-17 23:57:14
Самара Каримова менен Гулжигит Сатыбековдун ундору жагат.Экоонун тен таланты кучтуу.Маанилуу чыгармаларды ырдашат. Каримованын уну булбулдай сонун.Чыккандарына коп жылдар болбосо да жакшы иштешти . Ундору жетпей ырларга эптеп ырдап жургондор деле барго .
-2
domi
2017-09-18 19:12:24
эмнеге бир эле Самарага эле асылып алдынар. Нурайым Азыкбаева дагы эрте алды .Нурайым да татыктуу эмес. уят уят уят
-2
nur72
2017-09-19 02:11:23
мамлекеттик сыйлыктын деле баркы кетип калганбы деп ойлоп кеттим ким каалаган ала берсе болот окшойт
0
Tina_79
2017-10-21 22:07:26
Нурайымга берсе болот.чындап татыктуу.берки экоонун кайсы эмгеги синиптир.наамдын баркы кеткен кошоматчылардын заманы болду го.аттин
0
№ 775, 8-14-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан