ТАРИЭЛ ТОКМЕРГЕНОВ, “МУЗАМАН” ТОБУНУН СОЛИСТИ: “КАРАНТИН ЖУБАЙЫМ ЭКӨӨБҮЗДҮ ЖАКЫНДАТТЫ”

Бул жолу “Жан шерик” рубрикабыздын алкагында ырчы, “Музаман” тобунун солисти Тариэл Токмергенов менен жубайы Сырга Кубандык кызынын сүйүү баянына кулак салдык. Таттуу түгөйлөр алгач жолугушкан күнүнөн тарта үй-бүлөлүк жашоосуна чейин чогуу өткөргөн кызыктуу күндөрүн эстеп отурушту. “Бири-бирибизди дагы деле толук тааный элекпиз. Бир адам экинчи адамды изилдеп чыгыш үчүн бир өмүр жетишсиз болсо керек” дешет алар.

 

– Тариэл, Сырга, саламатсыңарбы? Алгачкы сурообуз түгөйлөрдүн кантип таанышып калганы тууралуу болсун...

Сырга: – 2016-жылы “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” аттуу фестивалга өзүмдүн дипломдук ишим менен катышкам. Алгачкы эмгегимди чоң экранда элге тартуулап, анан да баш байгелердин бирине татып, абдан кубанып турган убагым болчу.

Тариэл: – Аталган фестивалга “Музаман” тобу чакырылган элек. Биз ырдап бүтүп, көрүүчүлөрдүн катарынан орун алып отурган кезде “сахнага “Мыкты анимация” наамынын ээси Сырга Кубандык кызын чакырабыз” деп калышты. Ошондо алгачкы жолу Сырганы көрдүм.

С.: – Тариэлдин алдынан өтүптүрмүн да, көрсө (күлүп).

Т.: – Сахнада сөз сүйлөп, элге ыраазычылыгын айтып, кайра ордуна келип отургандан баштап көз кырымды салып, байкаштырып отурдум. Ошол жерден эле тааныш-билиштерден “каяктын кызы, кандай кыз?” деп сураштыра баштадым. Кыргыз-Түрк “Манас” университетин бүтүрүп жатыптыр, Чүйдүн кызы экен. Телефон номерин ошол эле күнү сураштырып таптым да, WhatsApp аркылуу байланышка чыктым.

– Сырга да ошол фестивалда эле байкады бекен болочок жолдошун?

С.: – Жок, байкаган деле эмесмин. Бир топтун атын айтышып, “ырдайт” дешти. Италия тилинде, опера жанрындагы бир ырды ырдашты. Ичимден “бизде дагы ушундай ырчылар бар турбайбы. Жакшы ырдашат экен, азаматтар” деп койгом.

– Анан алгачкы баарлашуу, жолугушуу кандай болду?

С.: – WhatsApp`тан “Сырга, салам! Мен сенин күйөрманыңмын. Байге кут болсун!” деген кат келди. “Рахмат” деп, быйтыкча жөнөтүп койдум. Алгач туугандарымдын бири же тааныш бирөө го деп ойлогом. Ошентип, ортодо диалог жүрүп сүйлөшүп кеттик. Арадан бир аз убакыт өткөндөн кийин Тариэл жолугууну сунуштады. Алгач киного чакырды. “Киного сени менен баруу мага кызык эмес” деп койдум (күлүп). “Чогуу тамактаналы, клубга баралы” деди, эч бирине көнгөн жокмун. Акырында “Жаратылышка чыгып келели” дегенде гана “бул мага кызык” деп, макул болдум. Бир канча күндөн кийин жолукмак болдук. “Макул” дедим да, номерин блокко салып койдум. Тариэл болсо ошол күндөн баштап WhatsApp аркылуу эмес, түз эле СМС жаза баштады. Күн сайын “Кутман таң! Бейпил түн!” деп жазып жүрдү. Анан эле бир күнү жазбай калды, жаман болот экенсиң, номерин кайра блоктон чыгардым да, “эмне жазбай калдың?” деп өзүм жаздым. Жолукмак болдук. Кыш мезгили эле, түн, караңгы, суук, бурганак. Тариэл Арча-Бешиктен мен жашаган Туңгучка келип, табыша албай жатып араң табышканбыз.

Т.: – Дароо эле таттуудан баштайын деп шоколад ала баргам. “Машинага отурбайм” деп жатып араң отургузуп, жолдун тайгалагына карабай ары-бери айдап, бир аз мактанып койдум (күлүп). Ошол күндөн баштап жолугушуп турдук.

С.: – Келген сайын шоколад, мандарин же дагы бир таттуулардан алып келчү. “Конфетно-букетный период” деп коёт эмеспи. Ал күндөр да өттү, кетти.

– Канча убакыт кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрдүңөр?

Т.: – Жарым жылдай сүйлөшкөн соң “жубай болчу кызды таптым, күздө үйлөнөм” деп үйдөгүлөргө айтып койгондон кийин Сырга келишим менен бир жылга Түркияга кетип калды. Телефон аркылуу байланышып жаттык. Жарым жылдан кийин акча чогултуп Сырганы көрүп келүү үчүн Түркияга бардым. Же тил билбейм, же таанышым жок. Элге окшоп кийим-кечемди деле камдап албаптырмын. Кечинде Бишкекте досумдун баласынын жентек тоюна барып ырдадым да, тойдон чыккан бойдон аэропортко барып учуп кеттим. Стамбулдан кайра Трабзон деген шаарга учтум. Ал жакка жеткенден кийин атайын автобус менен алып келип, аэропорттон чыгарып коюшту. Ачкамын, калыңыраак кийимим жок, жаан жаап жатат, үшүгөнүмдү айтпа. “Тосуп алам” деген Сыргам жок, мен ал үчүн таптакыр башка мамлекетте жүрөм (күлүп). Бир маалда отургучка жатып уктап кетиптирмин. Уктап жатсам эле бирөө ойготуп жатат. Карасам Сырга экен. Ошентип, 10 күндөй ал жакта болуп келе бердим. Сырга жарым жылдан кийин, 2018-жылдын жаз айларында келди, биз ошол жылы күзүндө баш коштук.

– Баш ала турган бүлөнүн кубанычында шек жок экени ырас. Сырга, сенин ата-энең турмушка чыгарыңды укканда кандай кабыл алышты?

С.: – Өзүм 26 жаштагы кыз болсом, турмушка чыгарымды угушканда кубанышты (күлүп). Эми биздин коом ушундай эмеспи.

– Баш кошкондон кийин бири-бириңердин мурда билбеген кандай кулк-мүнөзүңөр ачыкка чыкты?

С.: – Дагы деле бири-бирибизди толук тааный электейбиз. Кээде бири-бирибиз тууралуу жаңы нерселерди билип, “аа, ушундай беле?” деп калабыз.

Т.: – Менимче, бир адам менен өмүр бою жашасаң да ал тууралуу баарын билүү мүмкүн эмес болсо керек. Мисалы, биз жаңы жолуккан кезде Сырга өзүнө аябай ишенген, такылдаган, “дерзкий” кыз болчу. Көрсө, өтө жоош экен. Же ошол кезде калп эле такылдап койгонбу (күлүп)?

– Кайын журтка кандай келин, кандай күйөө бала боло алдыңар?

Т.: – Сырга мага жакшы жубай, бирок кандай келин экенин мен билбейм. Өзүм болсо кайын журтка жакшы эле күйөө баламын го деп ойлойм. 3 бажам бар. Баарыбыз сый мамиледебиз.

С.: – Чынын айтканда, мен бир аз эрке келинмин. Ата-энебиз менен чогуу турабыз. Таң атпай туруп короо шыпыруу деген менде жок. Атам жумушка эрте кетет. Апам экөөбүз саат 8-9 аралыгында туруп чогуу чай ичебиз. Анан мен жумушка кетем, кечинде иштен келсем апам мени эркелетип, тамак бышырып койгон болот.

Т.: – Биздин үйдө эркиндик, ортобузда сый бар. Эч ким “ай, келин!” деп жумшап, урушпайт.

– Ортоңордо кандай учурда талаш-тартыш жаралышы мүмкүн?

Т.: – Мен үйлөнө электе эле өзүмө “үй-бүлөдө уруш-талаш болбошу керек” деген максат койгом. Ошол себептен башынан эле Сыргага айтып келем, “ай, урушпайлы, урушпайлы, у-руш-пай-лы” деп.

С.: – Мен эми аялзатымын да. Аял кишиде кээде “каприздер” болуп турат эмеспи.

Т.: – Түшүнүксүз “каприздериңби”?

С.: – Ооба. Кээде ошондой нерселер болуп кетет. “Капризди” басып туруп “выключить” деп коём, кээде өзүнөн-өзү эле “включён” болуп калмайы да бар (күлүп).

– Карантинди кандай өткөрүп жатасыңар?

Т.: – Мага 2-3 дос балам чалып “бири-бириңерди көргүңөр келбей, урушуп жатасыңарбы?” деген кызыктай суроо берди. Карантин, тескерисинче, бизди аябай жакындатты дейт элем. Буга чейин иштерибиз менен кетип, дем алыш күндөрү гана бирге болчубуз. Эми күнү-түнү чогуу болуп калдык. Кино көрүп, китеп окуп, короо-жайда үй иштери менен алектенип жыргап эле жатабыз.

– Жакшы экен. Кызыктуу маек куруп бергениңер үчүн рахмат! Бактылуу болгула!

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Luna7
2020-05-18 14:13:26
Бактыныздарга коз тийбесин
0
nargiz-sa
2020-05-18 15:29:11
Интервью улгулуу уй булоонун символу катары берилген. Ушундай бактылуу болуп журо бергиле. Тариель айткандай урруш-пай жашагыла
+2
Asel69
2020-05-19 09:40:03
Мыкты жакшынакай айым экен.
0
__anna__
2020-05-20 19:49:51
Бактылуу болуңуздар
0
№ 910, 14-20-май 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан