ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 4-10-июлга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Аптада жан дүйнөңүздөгү руханий боштукту толтурууга аракет кылыңыз. Сырдаш адамыңыз менен жүрөгүңүздөгү сезимдерди бөлүшүңүз. Урушуп же таарынышып жүргөн жубайлар табышып ынтымакка келишет. Бойдоктор сүйүктүүңүздү ар бир кадамыңыздан издеңиз, ал жол жээгинде, аялдамада, коомдук транспортто болушу мүмкүн. Онлайн режимде мамиле кургандардын реалдуу жашоодо жолугушуусуна жакшы шарт түзүлөт.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Бүт аракетиңизди, көңүлүңүздү жумушка коюп иштейсиз. Натыйжасы да жакшы болот. Каржы жаатында көйгөйлөрүңүз чечилип, үй-бүлөлүк бюджет бир нукка түшөт. Үй-бүлөдө түгөйүңүз менен мамилеңиз жаңы баскычка көтөрүлүп түшүнүшүүнүн, гармониянын жолдорун табасыз. Тиричилик буюмдарын сатып алуу үчүн ыңгайлуу убакыт. Эс алуу күндөрү үй тазалап, актап, сырдап кара жумуш жасоо ылайыктуу.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Эгиздер аптада имиджин өзгөрткүсү келиши мүмкүн. Албетте, кемчиликсиз адам болбойт. Бул мезгилде сиз жаңы чач жасалгасын жасап же кийинүү стилиңизге ачык түстөрдү кошо аласыз. Бой келбетиңизге кам көрүп фитнес-клубга машыгууга жазылсаңыз болот. Үй-бүлөлүү эгиздер жакындары менен өлкө ичинде саякатташса болот. Айымдар көп жигиттин көңүл борборунда болуп, сүйүктүүсүнүн кызганыч сезимдерин ойготушу мүмкүн.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Бөйөндөр аптада бизнесте гана ийгиликке жетпестен, жакындарына да убакыт бөлүп, алардын көйгөйүн чечкенге жардам бере алат. Ден соолугуңузга учурунда көңүл буруп медициналык кароодон өтүп койгонуңуз туура. Алыстагы жакындарыңыздан жакшы кабар угуп кубанасыз. Каржылык абалыңыз жакшырып, карыздарыңыздан кутуласыз. Бойдоктор сүйүктүүсүн ата-энеси менен тааныштырышы мүмкүн.


АРСТАН (23.07-23.08)

Ар кайсы тармактан тажрыйба алууну каалаган арстандардын иши оңунан чыгат. Ички эркиндигиңиз жаңы нерсени бат өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Поезд же учак менен күтүүсүздөн саякатка чыгып калышыңыз мүмкүн. Жашооңузда достордун мааниси өсөт, шаңдуу компанияда өзүңүздү бактылуу сезип, кеченин “падышасы” болосуз. Бойдоктор түгөйүн ашыкча кызганып, эмоцияга алдырып сүйүктүүсүн башкалардын көзүнчө кемсинтпөөсү зарыл.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Карьералык тепкичтен көтөрүлүп, профессионалдык жактан өсүүгө ыңгайлуу мезгил. Кыска убакыт ичинде күч-аракет жумшабастан каалаган максатыңызга жетесиз. Бул үчүн сизге тышкы жагдайлар жардамга келет. Жашыруун нерселердин баарына кызыгуу артат. Буга чейин жообун таппай жүргөн суроолоруңузга жооп ала аласыз. Маанилүү чечимдерди кабыл алуу алдында турсаңыз, алтынчы туюмуңуз мыкты иштеп ал сизге жардам берет.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жайдын аптабы кыйнап, жумуштан чарчап турсаңыз аз убакытка эмгек өргүүсүн алсаңыз болот. Жаңы таасирлерге болгон муктаждык күчөп жатса саякатка чыгыңыз, каржы булагыңыз ченелүү болсо өлкө ичинде деле саякаттоо уюштурсаңыз болот. Аптада пландаган максаттарыңыздын көбү тактык менен ишке ашуусу мүмкүн. Жакындарыңыздан же сүйүктүү адамыңыздан жагымдуу сюрприз же белек күтө бериңиз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Ышкыбоз, таланттуу, чыгармачыл өнөр ээлери бул аптада мыктылыгын дагы бир жолу далилдей алышат. Бойдоктордо сүйүү, мээримге болгон муктаждык күчөп, экинчи жарымын табуу каалоосу өсөт. Шашпаңыз, теңиңизди жакынкы айларда табасыз. Каржы жана карьера менен байланышкан маселелериңизди ийгиликтүү чече аласыз. Жашооңузда бир нерсени өзгөрткүңүз келсе аны оңой эле өзгөртө аласыз, бардык нерсе каалооңуздун күчтүүлүгүнөн көз каранды болот.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Үй-бүлөлүү жаачылар балдарга тиешелүү көйгөйлөрүн чечип, алардын окуусу, жашоо шартын түзүү менен алек болушат. Көптөн бери сүйүү мамилесинде жүргөн жаачылар аптада мамилелерин расмий бекемдеп, баш кошуу сунушун киргизиши мүмкүн. Араздашып жүргөн курбуңуз, досуңуз менен элдешесиз. Тааныштарыңыздын бири материалдык колдоо көрсөтүшү мүмкүн. Ата-энеңизге белек берип көңүлүн алганды унутпаңыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Бизнесте ийгиликке жеткиңиз келсе үйүңүздөгү тартипти да бекемдеңиз, анткени экөө бири-бирине таасир бере алат. Ден соолугуңузда көйгөйлөр жаралып дарыгердин жардамына муктаж болушуңуз мүмкүн. Жумушта жамаат менен бир пикирге келе албай жаманатты болуп калышыңыз ыктымал. Жакшысы, сиз тууралуу айтылган анча-мынча терс сындарды кулак сыртынан кетиргениңиз оң. Аптада өзүңүз жакшы көргөн жаныбарды сатып алышыңыз күтүлөт.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Романтикалык мамиле түзүүгө ыңгайлуу учур. Жалгыз бойлор түгөйүн таап, баш айланткан сезимдердин курчоосунда калышат. Аны менен өткөргөн ар бир мүнөттөн ырахат аласыз. Үй-бүлөңүз, балдарыңыз болсо алар сизди шыктандырат, мотивация берет. Балдарыңызга сүйгөн оюнчугун, же көптөн бери өзү суранып жүргөн нерсесин жасап берип коюңуз, көпкө эсинде калат. Банктан насыя алуу же карызды башка бирөөдөн карыз алып жабуу сунушталбайт.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Үй-бүлө, туугандар жана жакын адамдар менен карым-катнаш жакшырат. Буга чейин айрым үй-бүлө мүчөлөрү менен түшүнбөстүк болуп турса, азыр тынчтык жана ынтымак келет. Үй салууну көздөп жаткандар үчүн эң сонун убакыт, ушул апта курулуш иштерин баштасаңыз ийгиликтүү жана тез аяктайт. Балдарыңыз ийгилик жаратып кубантышы мүмкүн. Эс алуу күндөрү үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу үй-жайды тазалоо иштерин жасоону унутпаңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1021, 1-7-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан