Алар “бизди оор коррупциялык кылмышка негизсиз айыптап жатат” деп Балбак Түлөбаевдин үстүнөн Жогорку Кеңештин төрагасына арызданышты. Депутат “пара” деп белгилүү суммаларды айтып жатат, анда ишенимдүү далил болсо жашырып жатпай укук коргоо органдарына кайрылбайбы дешет директорлор.
Балбак Түлөбаев директорлордун даттануусуна жооп кайтарды.
– Урматтуу мүдүрлөр, күзгүгө карангыла. Көбүңөр кымбат унааңарды, кымбат үйлөрдү, чет өлкөдөгү батирлерди кайдан алдыңар? Айлыгыңар быйыл эле көтөрүлдү. 20 жылдан ашык отуруп элдин канын сордуңар. Канча ата-эне келди пара алды деп. Жазып бергиле десем баласын аяп болбойт. Ата-энелер, коркпогула, жаздырып алып мага жибергиле. Булар менен күрөшүүгө убакыт келди,– деди Түлөбаев.