ТҮРКИЯ КЫРГЫЗСТАНДЫ ФЕТОдон КОЛ ҮЗҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ

Түркия Кыргыз бийлигин ФЕТО уюмунан кол үзүүгө чакырды. Чакырык Кыргызстанга Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн келген Түркия Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп тарабынан айтылды.

Шентоп аталган жыйында да, президент Садыр Жапаров менен жолугушуусунда да ушул маселени көтөрдү. "ФЕТО иш жүргүзгөн өлкөнүн Түркия менен болгон карым-катнашын үзгүлтүккө учуратат, ФЕТОнун Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн токтотуу достуктун зарылчылыгы" деди.

Бул Түркия бийлигинин Кыргызды ФЕТОдон кол үзүүгө чакырган биринчи ишараты эмес. Аталган уюм Кыргызстанда тополоң чыгарышы мүмкүн деп Түркия 2016-жылдан бери айтып келет. 2017-жылы Түркия ФЕТОго тиешеси бар деп эсептеген Кыргызстандагы “Себат” лицейинин аталышы “Сапат” деп өзгөртүлгөн. Аны биротоло жаап салуу талаптарынан Кыргызстан баш тартып келүүдө.

2021-жылы “Сапат” лицейлеринин негиздөөчүсү, Кыргыз жараны Орхан Инандыны Түркиянын атайын кызматы Бишкектен жашыруун кармап кетти. Аны Кыргызстанга кайтарып берүү талаптары орундалган жок.

ФЕТО – Фетхуллах Гүлендин террордук уюму деп чечмеленет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1021, 1-7-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан