«БИЗДИН БЛЮЗ» дорамасы тууралуу кызыктар

2021-жылдан бери күтүлгөн сериал. Анткени таланттуу сценарист, режиссёрлордун долбоорунда Түштүк Корея кино дүйнөсүнүн алптары чогулган эле. Күтүлгөндөй эле дорама башынан аягына чейин жогорку рейтингди камсыздап, көрөрманга жагымдуу, “таттуу” сезимдерди тартуулады. Мындан аркы сөз “Биздин блюз” сериалы тууралуу уланмакчы.

Тарткан өлкө: Түштүк Корея

Чыккан жылы: 2022-жыл, апрель

Жанры: драма, мелодрама

Режиссёру: Ким Гю Тэ, Ким Ян Хи

Сценаристи: Но Хи Гён

Канча серия: 20

Башкы ролдордо: Ли Бён Хон, Ким У Бин, Шин Мин А, Хан Жи Мин, Ча Сын Вон, Ом Чжон Хва жана башка

Кыскача...

  • Омнибус (ар бир сериясында ар башка окуя, ар башка каармандар чагылдырылган, баарын бириктирген бир эле нерсе болушу мүмкүн) форматында тартылган.
  • Корей телевидениесинде эң жогорку рейтингди багындырган 11-дорама болду.
  • Тартуу иштери актёрдук курам бекитилгенден кийин 2021-жылдын октябрь айында башталган. Дораманын 70 пайызы Чежудо аралында тартылды.
  • Дорамага атактуу “ВТS” да салым кошту. Тагыраагы, топтун ырчысы Чимин биринчи жолу сериалга саундтрек аткарды.
  • Базарда моллюск саткан кемпир Го Ду Шимдин (актриса Хён Чон Хи) баласы Ким жашоодо чындап эле актриса Хён Чон Хинин баласы.
  • Дорамада Даун синдрому менен ооруган каармандын жашоосу да чагылдырылган. Бул ролго чынында эле аталган дарт менен жабыркаган актриса Чон Ын Хенин тандалышы күйөрмандардын колдоосуна ээ болгон. Чон Ын Хе сүрөт тартканды жакшы көрөт. Сериалдын 15-сериясында автобустун ичинде көрсөтүлгөн сүрөттөр Ын Хеге таандык.
  • Ли Бён Хон менен Шин Мин А үчүнчү ирет бир тасмага чогуу тартылышты.

ЧЕЖУДО БИРИКТИРГЕН ТАГДЫРЛАР

Кореянын популярдуу туристтик аймактарынын бири Чежудо аралы. Аралды сүрөттөн, тасмадан бир көргөн адам ал жерге сөзсүз баргысы келет. Чежудо табияты керемет кооз эле жер эмес, аралды арал кылган анын жөнөкөй, меймандос жашоочулары. Корей кинематографиясында өз орду бар, анын жазган сценарийлерине режиссёрлор кезекке турган Но Хи Гён дал ушул Чежудо аралынын жашоочулары тууралуу сценарий жазды. Буга чейин “Бул кышта шамал согот”, “Баары жакшы, бул сүйүү” сыяктуу хит дорамалардын авторунан “Биздин блюз” жазылганда мен-мен деген актёр-актрисалар дароо макул деген жоопту беришкен. Аталган сериалды жазуу идеясы кантип жаралганы тууралуу сценарист: “Көчөдөн канчалаган адамдар өтөт. Алардын бирин жүзүнөн таанысаң, экинчисине бейтааныш адам катары көңүл бөлбөй кете бересиң. Ошол адамдардын ар биринин өз тагдыры, кайгы-кубаныч менен коштолгон жашоосу бар. Өзгөчө айласыздыкка кептелип, жанына кол салган адамдардын тагдыры көңүлүмдү оорутчу. “Биздин блюз” аркылуу айласыздыкка кабылган адамдарга үмүт берип, “баары жакшы болот” дегим келди” дейт.

Чынында эле “Биздин блюз” дорамасында түрдүү тагдырга кабылган 14 каармандын жашоосу чагылдырылган. Омнибус жанрында тартылгандыктан, башка сериалдарга салыштырмалуу бул актёр менен актриса баш каарман деп бөлүп карай албайсың. Ар бир окуянын өз каармандары бар. Бардыгын бириктирген Чежудо гана. Сценаристтин күчтүү жагы – анын кино каармандарынан көпчүлүк жөнөкөй адамдар өздөрүн таба алышат, моюнга алгысы келбеген кемчилигин көрүшөт, жакшы сапаттарын байкап колдоо алышат, туңгуюктан жол табышат. Улуу-кичүүгө жаккан дораманы көрүп, сиз да өзүңүзгө жакын сапаттарды табасыз деген ишеничтебиз, окурман.

Ли Бён Хон

“Ва-банк”, “Айрис” сериалдарынын жылдызы Ли Бён Хон: “Көптөн бери сценарист Но Хи Гён менен иштешсем деп ойлонуп жүргөм. “Биздин блюзду” ал жазганын укканда ойлонбой туруп макул болдум”,- дейт. Көрөрмандар үчүн да актёрдун бул сериалга катышуусу кубанычтуу кабар болду. Анткени ал 2018-жылы чыккан “Мистер Саншайн” сериалынан бери дорамаларга тартыла элек болчу. “Сценарийди колго алганда кайсы каарманды ойноорум белгисиз болчу. Улам бирин “ии ушул баш каарман экен, мен ойнойм го” десем эле башка актёрдуку болуп калат. Мен жөнөкөй айдоочунун образында болдум. Көнүп калыптырмын да адаттагыдай эле баш каарман болом деп, көрсө, бардыгыбыз негизги ролдо экенбиз. Жан дүйнөдөн орун алган үй-бүлөлүк тасма болду деп ишенем”,- деп ой бөлүшөт актёр.

Чыныгы түгөйлөр бир тасмада

Актёр Ким У Бин менен актриса Шин Мин А 2015-жылдан бери кыз-жигит мамилесинде бактылуу күн кечирип келе жатышат. Экөөнүн үлпөт той өткөрүү күнү алыс эмес деген кабар тарап, алардан күйөрмандары жакшы жаңылык күтүп жаткан чак. Бирок 2021-жылы түгөйлөрдөн башка өңүттөгү жагымдуу жаңылык тарады. Экөө тең “Биздин блюз” тасмасына тартылары белгилүү болгон. Бирок көпчүлүк күткөндөй түгөйлөрдү эмес, башка эле актёр-актрисанын өнөктөшү катары экранга чыгышты. 2017-жылы Ким У Бин рак дартына кабылып, оор күндөрдө Мин А сүйүктүүсүн колдоп жанында болду. Андан бери экрандан алыстап, оорусуна шыпаа издеген актёр толугу менен айыгып, оор сыноодон кийин кайрадан тасма талаасына кайтты. “Биринчи жолу тартылгандай абдан толкундандым. Көп жылдан кийин талантыңды кайрадан көпчүлүктүн сынына коюу оор экен. Балыкчыны ойнодум го, бир карасаң оңой эле роль. Бирок бул кесиптин да оорчулугу, майда-чүйдөсү толтура. Режиссёр “баланчанчы күнү барасыңар” десе, толкунданып 3-4 күн эрте барып алгам. Балыкчылардын жанында жүрдүм, дайверлердин канчада туруп, эмне кылары, баскан-турганына чейин баам салып жүрдүм, балык тазалаганды, кескилегенди үйрөндүм”,- дейт Ким У Бин. Актёрго ийгилик жана бекем ден соолук каалайбыз. Актриса Шин Мин А да бул сериалда өзүн жаңы амплуада сынап көрдү. 38 жаштагы актриса биринчи жолу эненин ролун аткарды.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1021, 1-7-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан