"СҮЙҮҮНҮ ЖОК ДЕГЕНДИК – КҮНДҮ ЖОК ДЕГЕН МЕНЕН БАРАБАР"

Аптапта сиздер үчүн аптаны ого бетер ысык кылалы деп чечтик. Сүйүү, сүйүлүү деген эмне? Сүйүүнүн жетилгени кандай болот, чийкиси кандай болот? Ата-эненин сүйүүсү жетпей калган баланын бөксөсүн кантип толтурса болот? Бир жүрөккө эки сүйүү батабы? деген суроолор менен баш ооруттук. Суроолорго белгилүү психолог Данияр Чормошев жооп берди.

Психологияда сүйүү деген эмне?

– Сүйүү – адамга психологиялык жактан керектеле турган сезим. Мисалы, бала төрөлгөндө сүт эмет, аны бирөө колго алышын каалайт, апасы баланы сүйүп карайт. Демек, төрөлгөндө эле адамдар бул эмоциялык муктаждык менен төрөлөт. Сүйүү – адамды өстүрө турган сезим.

“Сүйүү жок, 40 жашка чыгып сүйүп көргөн эмесмин” дегендерге эмне дейсиз?

– Бир адам жок десе эле бүтүндөй адамзат үчүн сүйүү жок болуп калбайт. Сүйүүнү жок дегендик – тийип турган күндү жок деп жаткандай эле нерсе. Андай адамдар бирөөнү катуу сүйүп көңүлү калган, психологиялык травмадан чыгыш үчүн сүйүү жок деп өзүн ишендирип алган. Же кичине кезинде ата-энесинен сүйүүнү таптакыр албай калган. Алардын да өз чындыгы бар, адам бирөөдөн албаса, сүйүүнү көрбөсө аны кантип бар деп айта алат? Атасы, апасы баланын эң жакын адамы, “эгер ошолор сүйө албаса, башка бирөө мени кантип сүймөк эле” деген дүйнөгө ишенбөө менен сүйүү жок деп жыйынтык чыгарышат.

Күйөө-аял ортосундагы сүйүү балага өтүп кетет дешет. Баланы сүйүү башка эмеспи?

– Сүйүү күчтүү сезим. Денең, жүрөгүң калтырап укмуш болосуң. Мындай чоң толкундоону дене көпкө көтөрө албайт. Үйлөнгөндөн кийин сүйүктүүң жаныңда, көнүмүш адатка айланат, баягыдай жалындаган сезим өзүнөн-өзү басаңдайт. Мында сүйүүнүн бензини бирин-бири жакшылап билүүгө чейин созулат. Экинчи этапта балалуу болушат, балалуу болгондо экөө тең бактылуулук сезимине бөлөнөт. Бул этап үч жылга созулат. Эмнеге үч жыл, анткени экөө тең акыл менен эмес, тукумду коргоо деген биологиялык инстинкт менен бала чоңойгуча бири-бирин сүйгөнгө мажбур. Үч жылда ысыгы тарай баштайт. Эмнеге? Анткени бул сүйүүнүн бензини бала болчу да. Андан кийин карама-каршылыктар келип чыгат, уруш-талаш чыгышы мүмкүн. Бул этаптан өтүп кеткенден кийин жубайлар ортосунда достук сүйүү келип чыгат. Бири-биринин жаман-жакшысын кабыл алган учур. Толук кабыл алуудан кийин ортого баланы койбогон чыныгы сүйүү башталат. Чыныгы сүйүү аялын же күйөөсүн эч кимге салыштырбай, болгонундай кабыл алганда пайда болот.

"Өзүңдү сүй" дешет. Эгоизм менен өзүн сүйүүнүн чеги каерде?

– Мисалы, Жармабек менен Бозогүл таанышты, мамиле кургулары келди. Экөө тең өзүн сүйүп, өз кызыкчылыгы менен жүрө берсе жашоо болбойт. “Мен эле мен” дей берсе болбойт, мындай адамдар акыры жалгыз калышат. Бирок баягы моюнуна дөңгөлөк байлап алып сабаса да жашай берген аял сыяктуу баарына макул болбоо да керек. Андайды садомазохисттик сүйүү деп коёт. Өзүн сүйүү, өзүн баалоо жана жаныңдагынын баалуулуктарын, оюн эстен чыгарбоо. Сүйүү менен эгоизмдин ортосундагы чек ушу жерде.

"Оорулуу" сүйүүлөр бар эмеспи. Урушат, таарынышат, бирок бири-бирисиз жашай да албайт. Бул сүйүүнүн кайсы түрү?

– Садомазохисттик сүйүүгө кирет. Аялы таяк жегенден ырахат алат, күйөөсү таарынтып алып аркасынан чуркагандан ырахат алат. Экөө тең бул эмоциясыз жашай албайт, булардын бала кездеги психологиялык травмасы бар. Кээде жашы өткөнгө чейин эле ит-мышык болуп жүрө бергендер бар, бул өзүн кыйноо. Чийки сүйүү! Мындай түгөйлөр чоңоюшу керек. Адамдын жашы эмес, акылы, аң-сезими, баалуулуктары, дүйнө таанымы өсүшү керек. Мунун каршысында бышкан сүйүү болот. Бышкан сүйүүнүн белгиси – коркпойсуң. Сүйүктүүңдү коё бергенден, жалгыз калгандан коркпойсуң. “Ооба, мен сени сүйөм, керексиң, сени менен жашагым келет. Бирок сен кетип калсаң, асынып албайм, жардан да кулабайм” деп өзү үчүн чечип алса – бул аң-сезимдүү адамдын бышкан сүйүүсү.

Кээде эркек аялынан башка дагы бирөөнү таап алат. “Кимисин сүйөсүң?” десе, “экөөсүн тең” дейт. Бир жүрөккө кантип эки сүйүү батат?

– Эмнеге эркектер эле деп жатасыз, андай аялдар деле бар. Бул адамдык маселе. Бул сүйүү эмес, психологиялык тилде – көз карандылык. Баңгиге, аракка көз каранды болуп калгандай эле нерсе. Сексуалдык же эмоционалдык көз карандылык. Жубайынан ошол эмоцияны же сексти таппай калат да, издеп кетет. Адамдар кээде акылы менен, кээде жүрөгү менен, кээде дене кумары менен сүйөт. Бул үчөөнөн да башка, жан менен сүйгөн сүйүү бар, бул адамга чанда келет. Бирок адам бул сүйүүнү тапса болот. Бул рухий байлыгы күчтүү адамдарга келет. Ал сүйүү менен сүйгөндөрдүкү бул дүйнөгө келгиче эле чечилип калган, тиги дүйнөдө да чогуу боло турган ыйык сезим. Төкмө акын Элмирбек Иманалиев айткандай, жан менен сүйгөн сүйүү – бул Кудайлык маселе.

Эмнегедир аялдарга сүйүү ар дайым жетишпейт...

– Аялдарга укук кийин берилди да. Алар мурун кимди сүйөт, кимге баш кошот атасы, же уруусу же коом чечип койчу. “Көрсө, биздин да сүйүүгө укугубуз бар турбайбы” деген ой менен эле машакаттанып жатышат. Азыр мүмкүнчүлүк бар, бул дүйнөдөн ырахат алып жашаганга, сүйүп жашаганга аракет кылыш керек.

Бала кезинде ата-энеден сүйүү албай калгандар өксүгүн кантип толтурса болот?

– Эч нерсе менен, эч ким менен толбойт! Эсиңерде болсун, акчаны бекер коротуп психологго, тренингге бара бергенден пайда чыкпайт. Миллион акча коротсо да балага ата-эне бере албаган нерсени эч ким бере албайт. Акчаң, бийлигиң, байлыгың сүйүүң менен да толбойт ал бөксө. Атасынан албай калган сүйүүнү эркектерден издеп, энесинен албай калган сүйүүнү аялдардан издеп жүргөндөр мага көп келишет. Мен-мен деген психолог, коучтар да толтура албайт. Чатак ушул жерден башталат. Бирок бир зат бар. Чын дилинен Кудайга кайрылса, ошол бөксөнү толтуруп, кээде ашырып берип коёт.


Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1021, 1-7-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан