Татьяна Зеленская, сүрөтчү: “АЛА КАЧУУ ТЕМАСЫН КӨТӨРБӨ ДЕШЕТ”

Бул айымдын тарткан сүрөттөрүн жакшы тааныйсыз, окурман. Айрыкча зордук-зомбулук темасындагы иллюстрациялары кызыгуу жаратат. Мисалы, моюнуна кош дөңгөлөк илинген мусаапыр аял, ала качып бараткан кыз... Бул жолку каарманым Татьяна Зеленская – сүрөтчү, жарандык активист. Анын чыгармачылыгы, чуулгандуу окуяларга арнап тарткан сүрөттөрү тууралуу кеп курдук.



– Кош келипсиз, Татьяна! Чуулгандуу окуяларга арналган популярдуу сүрөттөрдүн автору сүрөтчүлүккө кантип келген?

– Рахмат, чакырганыңыздарга. Мен сүрөт академиясынын графика бөлүмүн бүтүргөм. Кесибим боюнча өндүрүш тармагындагы компаниялардын логотиптерин, плакаттарын жасашым керек. Бирок бир кездери иллюстрация, анимация менен алектенип жүрүп, кийин коомдук жумуштарга аралашып кеттим. Азыр менин негизги жумушум - анимация. Жолдошум Игорь Танков белгилүү аниматор. Экөөбүздүн анимациялык студиябыз бар, көбүнчө социалдык көйгөйлөр тууралуу роликтерди тартабыз.

– Сиз жараткан иллюстрациялар дайыма талкууга түшөт, бул өнөр сизге кайдан өткөн?

– Иллюстрация тартуу - менин хоббим. Бош убактымда гана өлкөдө болуп жаткан окуяларга визуалдуу образ берип коём. Бардык эмгектерим кайсы бир окуядан таасирленгенимден, мени кейиткен, капаланткан, жүрөгүмдү ооруткан нерседен улам жаралат. Бир жолу тартып көрсөм, ал иллюстрациямдан адамдар өз сезимдерин табышты. Кийин дагы тарттым, дагы... Айтор, акыркы убактарда иллюстрация тартууда абдан жоопкерчиликтүү болуп калдым. Анткени ар бир тарткан сүрөтүм талкууланат.

– Буюртмага сүрөт тартасызбы?

– Жок, сүрөттөрүм үчүн бирөөдөн акча алсам көз каранды болуп калам, мен үчүн чыгармачылыкта эркиндик маанилүү. Бирөө бир нерсе тартып берүүгө буюртма берсе баш тартам, анткени кандайдыр бир кир нерселерге аралашып калуудан кооптоном.

– Эмгек жаратууда сүрөттөгү каармандарыңыз менен кошо кайгырат болушуңуз керек, мисалы, зомбулуктан жабыркаган каармандарды тартууда?

– Албетте, сүрөттү тартууда кандайдыр бир окуянын каарманынын эмоционалдык абалын бир сыйра элестетип, кайгырып анан тартасың. Менде бул көбүнчө идея жаратууда болот. Тартканда кагазга эмес, планшетке тарткандыктан бат эле тартып коём.

– Иллюстрацияларыңызды сындагандар да барбы?

– Көбүнчө эмгегимди эмес, менин позициямды, көз карашымды сындашат. Айрымдар мен башка улуттан болгонум үчүн ала качуу, аялдарга карата зомбулук темасын көтөрбөшүм керектигин айтышат. Ооба, мен ала качуунун курмандыгы болгон эмесмин. Ошон үчүн да бул темаларда көз карашымды эркин билдире алам деп ойлойм. Анткени менде туугандардын басымы, ата-энеден коркуу сыяктуу чектөөлөр жок. Өзүм Кыргызстанда төрөлүп-өскөндүктөн аялдардын укугу, аларга карата зомбулук, балдарды коргоо темалары мага жакын жана аларды тереңден билем деп ойлойм.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1026, 5-11-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан