Сайттын эрежелери бардык бөлүмдөрдүн колдонуучуларына таандык болуп эсептелет. Көпчүлүккө таандык этика нормаларын бузуу эрежеде көрсөтүлбөсө да, форум эрежелерин бузуу менен барабар. Өзүнчө форумдардын эрежелери жалпы эрежеге кошумча болуп саналат. Эрежелерди билбестен бузуу жоопкерчиликтен бошотпойт.
1. Мыйзамга туура келбеген билдирүүлөргө; 2. Ушул сайтка курамы окшош сайттарды жарнама кылууга жана шилтеме калтырууга; 3. Сайттын колдонуучуларын алдоону же чаташтырууну максат кылган билдирүү калтырууга; 4. Сайттын башка катышуучусунун чыныгы аты, сүрөтү, өздүк жашоосу тууралуу маалыматтар, телефон жана дареги сыяктуу өздүк маалыматтарды анын уруксатысыз жайгаштырууга; 5. Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө; 6. Интимдик кызмат издөө же сунуш кылуу сыяктуу коомдук адепке туура келбеген ар түрдүү шектүү билдирүүлөргө; 7. Сайтта адепсиз, уят, жаргон сөздөргө, бирөөнүн дарегине айтылган негизсиз күнөөлөөлөргө, кимдир бирөөнү кемсинткен, мазактаган, жамандаган, анын абийирине, кадыр- баркына терс таасирин тийгизген (шек келтирген) билдирүүлөрдү жазууга; 8. Жөнү жок башка тилдеги сөздөрдү жазууга (которууга оорчулук туудурган эл аралык мааниде колдонулган сөздөргө уруксат); 9. Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга; 10. Жарнама жана коммерциялык маалыматтарга "Комерциялык жарыялар" аттуу бөлүмгө гана калтырууга уруксат берилет; 11. Мааниси бирдей бир нече билдирүүнү өзүнчө жазгандын ордуна бир эле билдирүү жазуу шартка ылайык. Мисалы, алма, өрүк, мейиз сатуу боюнча 3 жарыя жазгандын ордуна чогултуп бир жарыя жазуу оң; 12. Маанисиз, темадан алыс билдирүүлөрдү жазууга (флуддоого); 13. Жарыяларды тиешеси жок бөлүмдөрдө жайгаштырууга; 14. Бир же бир нече бөлүмдө бир нече окшош (жазылышы гана эмес, мааниси да) билдирүүлөрдү жазууга; 15. Ачык түстөгү (кызыл, ачык сары, ачык жашыл) тамгаларды, тыныш белгилерин ашыкча колдонууга, бош саптарды жөн эле калтырууга тыюу салынат. Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек; 16. Грамматика эрежесин атайын бузуп жазууга.
1. Бардык жеке билдирүүлөр автордун өзүнүн ою болуп эсептелет. Андыктан администрация билдирүүнүн мазмуну үчүн жооп бербейт. 2. Жарыя себеп болгон моралдык, материалдык зыян үчүн жооп бербейт. 3. Ар бир колдонуучу сайттан алган маалыматты өзүнүн кызыкчылыгы үчүн колдонууда жоопкерчиликти өзүнө алат. 4. Медиа-порталдагы “Элдик видео” жана “Элдик аудио” бөлүмдөрүнө жүктөлгөн видеого, аудиого жана анын мазмунуна сайттын жетекчилиги жоопкерчиликти албайт.
1. Интернеттеги бардык нерселер провайдерлердин маалымат базасында жазылып жана сакталып калат. Ошондуктан жаман нерсе жасаардан мурун ойлонуңуз. 2. Сайттын катышуучуларынын IP-даректери укук коргоо органдарынын жазуу түрүндөгү талабы боюнча гана берилет. Бирок IP-дарек өзүнөн өзү сыр деп эсептелбейт жана интернеттин ар бир серверинде жазылып калат. Конкреттүү IP-даректин колдонуучусу тууралуу маалымат провайдерге гана белгилүү.
1. Колдонуучу сайттын башкармалыгын талкууга алууга болбойт. 2. Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. 3. Кайсы бир акимди жана анын иш-аракеттерин талдоого, талкуулоого жол берилбейт. Нааразычылыктар болсо info`го купуя кат аркылуу жөнөтүлүшү керек. 4. Администраторго же модераторго суроо же талабыңызды электрондук почта аркылуу жөнөтсөңүз же "Арыз жана сунуш" бөлүмүнө жазсаңыз болот. 5. Форумга жазылган билдирүүлөрдү "Супер-Инфо" гезити автордун уруксатысыз жана эч кандай калем акы төлөбөстөн гезит бетине жарыялоого укуктуу. 6. Башкармалык эрежени бузган колдонуучуну эскертүүсүз сайттан дароо четтетүү укугуна ээ. P.S. Эрежелер эч эскертүүсүз өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн. |