19- Апрель 1920 -жылы Кыргыз Эл акыны Тенти Адышева төрөлгөн
Кыргыз Эл акыны Тенти Адышева Тоң районунун Күн-Чыгыш айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1984-жылы Бишкек шаарында көз жумган. Чыгармаларында акын Ата Мекен, туулган жер, мезгил, өмүр сыяктуу темаларга кайрылып, өз учурундагы коомдук-саясий турмуш окуяларына үн кошуп турган. Эски жана жаңы заманды, элдин турмушунда болуп жаткан өзгөрүүлөрдү көбүнесе кыз-келиндердин тагдырлары аркылуу чагылдырган. Патриархалдык коом шартында кыргыз аялдары нечен кылымдар бою эзилген абалда өмүр өткөрүп келишкен. Алардын эркиндикке чыгып, тең укуктуулукка жетишине, адамдык жана аялдык бакытка ээ болушуна Октябрь революциясы жол ачкан.
Айылдык мектепти толук бүтө электе, 1931-жылы Фрунзедеги медициналык техникумдан окуй баштайт. Окуунун отличниги катары комсомулдун Х съездине делегат болуп шайланып, Москвага барган.
Техникумду бүткөндөн кийин 1938-жылы ЛКСМ БКнын секретардыгына дайындалган. Андан бир нече жылдан кийин Фрунзе шаардык Биринчи май райондук Аткаруу комитетинин төрагасы, "Кыргызстан аялдары" журналынын партиялык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ушул жылдар аралыгында Кыргыз Мамлекеттик университетинин тил, адабият факультетин сырттан окуп бүтүргөн.
1956-1979-жылдарда автордук укукту коргоо боюнча Бүткүл Союздук агентствосунун кыргыз бөлүмүнө жетекчилик кылып, ошондон пенсияга чыккан.
"Акын" деген алгачкы ыры 1947-жылы, "Заманам", "Жарык дүйнө", "Ак пейил адамдар үчүн", "Ой толгоо", "Менин күнүм", "Тандамалар" аттуу поэтикалык китептери окурмандарга таанымал болгон. Ошондой эле "Жаңылдын элеси", "Өмүр жолу", "Жүрөктөгү так" сыяктуу поэмалары жогорку баага татыган. "Кеткендердин айылында", "Адам кызык", "Токто десем", "Ойнобо", "Алтымыштан ашкандарга", "Ысык-Көл", "Көк жайык", "Сары-Челек", "Эне-жер" аттуу ажайып чыгармалары жарыяланган.
Кыргыз маданиятына сиңирген эмгеги үчүн Тенти Адышева "Ардак белгиси" ордени, "Эмгектеги каармандыгы үчүн", "В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100-жылдыгынын урматына" медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку советинин грамоталары менен сыйланган. Ошону менен Тенти Адышевага "Кыргыз ССРинин Эл акыны" деген ардактуу наам ыйгарылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан