1- Сентябрь 1951 -жылы төкмө акын Замирбек Үсөнбаев туулган
Төкмө акын, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти (1983), Кыргыз Республикасынын Эл артисти (1991) Замирбек Үсөнбаев Бишкек шаарында туулган. Ал 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1968-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштей баштаган. 1991-жылдан тарта филармониядагы "Эл шайырлары" фольклордук тобунун көркөм жетекчиси болуп эмгектенген. Ошол эле мезгилде 1991-жылдан баштап Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда акындык өнөр боюнча сабак берет. Чыгармачылыгын мектепте окуп жүргөндө эле өздүк-көркөм чыгармачылык кароолоруна катышуу менен 12-13 жаштарында баштаган. Эл алдына ырдап чыккан алгачкы ырлары атасы Алымкул Үсөнбаевдин "Кыргыз элим" жана Р.Шүкүрбековдун "Жер жөнүндөгү термеси" болгон. Үсөнбаевдин талантынын калыптанышына атасы Алымкул төкмөнүн, айрыкча энеси Назимдин таасири өтө күчтүү болгон. Ал Т.Тыныбеков, Э.Турсуналиев, М.Таранчиевдерден үлгү алган. Э.Турсуналиев, А.Айталиев, Т.Абдиевдер менен ырдашып, айтыш өнөрүн алга сүрөп келе жаткан акындардын бири. Өзүнүн "Комузчуларга", "Улууларды эскерүү", "Жаштар жөнүндө терме", "Нан жөнүндө" жана башка чыгармалары бар. Токтогулдун, Эшмамбеттин, Жеңижоктун, Алымкулдун, Калык, Осмонкул, Ысмайылдардын чыгармаларын, термелерин, айтыштарын аткарып келген. "Замирбектин ырлары" аттуу ырлар жыйнагы 1986-жылы жарык көргөн. 
Замирбек Үсөнбаев Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1979), Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана студенттер фестивалынын дипломанты (1985). Ал мурдагы СССРдин аймагынан сырткары АКШда, Японияда, Кытайда, Швецияда, Түркияда жана башка өлкөлөрдө гастролдо болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан