23- Январь 1946 -жылы орус олигархы Борис Березовский төрөлгөн
Борис Березовский Москвада төрөлүп, жогорку билимди Москва токойтехникалык институтунан жана МГУнун механика-математикалык факультетинен алган. Эң алгачкы кызматын 1969-жылы прибор куруу министрлигинде инженер болуудан баштаган. 1989-жылы Санат Жабоев деген адам менен бирге "ЛогоВАЗ" АКсын түптөп, ал төрт жылдын ичинде Орусиядан менчик бизнестин эң алдыңкыларына кошулган. АКнын 1993-жылдагы жылдык айлантуусу 250 млн. доллардан ашкан. 1994-жылы Березовский Бүткүл орусиялык автомобиль альянсын түзүп (АВВА), аны жетектейт. Ошол жылы машинесинде бараткан жеринен Березовскийдин өмүрүнө кол салынып, айдоочусу курман болгон. 1995-жылы январь айында ОРТ каналын түзгөнгө катышып, анын директорлор кеңешине кирет. 1996-жылы "Сибнефть" АКсынын директорлор кеңешине шайланат. Борис Ельциндин 1996-жылы кайра президенттикке шайлануусун өлкөдөгү таасирлүү олигархтын бири катары колдогон жана кийин Орусиянын коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалган. Березовский Коопсуздук кеңешинде экономикалык маселелерди тескеген. Чеченстан боюнча комиссияга кошулуп, орус-чечен сүйлөшүүлөрүн уюштурган жана грузин-абхаз чырын тескегенге катышкан. 1998-жылдан 1999-жылга чейин КМШ өлкөлөрүнүн катчысы, 1999-жылы Карачай-Черкес бир мандаттуу округунан Мамдумага депутат болот. Ошондой эле Владимир Путиндин 2000-жылы Ельциндин мураскери болуп калышына салым кошкону айтылып жүрөт. Бирок Путин олигархтарды “ийинине" киргизе баштаганда, өлкөдөн кетүүгө аргасыз болуп, Путиндин элдешкис сынчысына айланган. 2000-жылы июль айында депутаттыгын таштап, АКШ менен Улуу Британияга эмиграцияга кетет. 2001-жылы Орусияга келбей туруп, "Либералдык Орусия" кыймылын түптөйт жана башкарат. 2002-жылдын октябрь айында Орусиянын Башпрокуратурасы Березовский жана анын өнөктөштөрү (Юлий Дубов, Бодри Патаркацишвили) "АвтоВАЗды" жеп-ичкен, мамлекеттик мүлктү менчиктештирип алган, көз боёмочулук жолдор менен өлкөдөн акча чыгарып кеткен деген жана башка жүйөлөр менен айыпталып, сыртынан соттолгон. Сот Березовскийди камаганга санкция берет дагы, Улуу Британияга анын экстрадиция кылынышын өтүнүп кат жолдойт. 2004-жылы Улуу Британиянын Ички иштер министрлиги Борис Березовский расмий түрдө өзүнүн атын өзгөртүп, Платон Еленин деген ысымдагы жаңы документ алганын бекемдеп билдирген. Березовскийдин Би-Би-Сиге берген маегинде Платон деген атты "Олигарх" фильминдеги башкы каармандан улам алганын, ал эми фамилиясын жубайы Еленанын атынан көчүргөнүн айтып чыккан.
Кийин Березовский орусиялык миллиардер, Лондондун “Челси” футболдук клубунун ээси Роман Абрамовичти 5 миллиард долларга жыгам деп соттошуп, жеңилип калган. Ошондон кийин колу жукарып, соттук чыгымдар үчүн 50 млн. долларга жакын карыз болгону айтылат. 
2013-жылы 23-мартта 68 жаштагы Березовскийдин жансыз денеси Лондондон 40 чакырым алыстагы Аскот деген жердеги өзү жашаган үйдүн ваннасынан табылган. Борис Березовскийдин адвокаты Александр Добровинский Фейсбукта бизнесмен өзүн өзү өлтүргөнүн жазган. Бирок Британ полициясы маркумдун үйүн химия-биологиялык жана радиоактивдүү заттар боюнча эксперттер изилдеген соң “кооптондурчу эч нерсе” табылбаганын билдирген.
Forbes журналынын орус басылмасы менен кызматташкан журналист Илья Жегулевдин айтышынча, ал Березовский менен 22-мартта жолуккан. Ошондо качкын олигарх Орусияны сагынып, жүрөкзаада болуп, басып өткөн жолун талдап, көп жасаган иштерине өкүнүп жүргөнүн, 2005-жылдан бери абакта отурган Михаил Ходорковскийди сыйлаарын айткан.
Ал эми Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Березовский өлгөнү маалым болгондон кийин маркум Путинди мурда сындап жүргөнү үчүн кечирим сурап, купуя кат жазганын жана Орусияга кайтканга уруксат сураганын билдирген. Бирок Кремль мындай катты эч качан ачыкка чыгарган эмес.
Бирок 2012-жылы Березовский Фейсбукта кечирим сураган кыска-нуска билдирүү жазганы көпчүлүктүн жадында калган. Анда олигарх үч нерсеге - өзүнүн ачкөздүгү, Орусияда сөз эркиндигин талкалоодогу ролу жана Путинди бийликке алып келгендиги үчүн элден кечирим сураган.
Борис Березовский төрт жолу никеге турган. Төрт кызы, эки уулу бар. 
Борис Абрамович физика-математика илиминин доктору (докторлугун 37 жашында жактаган), жүздөн ашык илимий иштердин автору.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан