27- Январь 1924 -жылы Москвада Лениндин мавзолейи ачылган
1924-жылы 21-январда Владимир Ильич Ленин дүйнөдөн кайткан. Анын элесин болочоктогу муундарга сактап калуу үчүн тез арада атайын курулма - Мавзолей тургузулган. Долбоорду көрүнүктүү орус архитектору А.В.Щусев бир түндүн ичинде түзүп чыккан. Аны жыгачтан төрт күндө тургузушуп, 27-январда саат 16да Совет мамлекетинин негиздөөчүсүнүн сөөгү салынган табыт Мавзолейте коюлган.
Беш жылдан кийин Мавзолей жыгачтын ордуна таш менен кайрадан курулган. Мавзолей жылтырата жылмаланган кочкул кызыл граниттен салынып, аза белгиси катары кара мрамор алкак менен айландыра капталган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан