2- Февраль 1987 -жылы
испаниялык футболчу Жерар Пике туулган
Футбол боюнча Испания курама командасынын жана каталондук “Барселона” футболдук клубунун коргоочусу Жерар Пике Барселона (Испания) шаарында туулган. “Барселонанын” футболдук академиясынын тарбиялануучусу. 2004-жылы каталондук клубдун академиясын бүтүп-бүтпөй англиялык “Манчестер Юнайтед” футболдук клубунун курамына кошулган. Англиялык клубдун курамында 2008-жылы Англия чемпиондугун, кубогун жана УЕФАнын Чемпиондор Лигасын утуп алган. “Барселонага” 2008-жылы кайтып келип, 4 ирет Испаниянын чемпиону (2009, 2010, 2011, 2013), 2 ирет УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын кубокторун уткан. Испания курама командасы менен 2010-жылы Дүйнө чемпиондугунда, 2008, 2012-жылдары Европа чемпиондугунда жеңүүчү аталган.