7- Февраль 2012 -жылы Мальдив Республикасынын президенти Мохамед Нашид отставкага кеткен
Мальдив Республикасында аскерлер менен президентке баш ийбей койгон полиция кызматкерлери ортосунда катуу кагылышуу болгон. Сөздөн соккуга өткөн жаңжалда мамлекеттик аскерлер ок атуучу куралдарды колдонууга өткөн. Натыйжада үч адам оор жаракат алып, президент Мохамед Нашид кызматынан кетүүгө аргасыз болгон. Жаңжалдын чыгуу себеби президенттин үч апта мурун чыгарган чечиминде жаткан. Анда ажо өлкөдөгү кылмыштык соттун башчысы Абдула Мохаммедди "экс-президентке жардам берип жатат" деген айып менен камакка алган. Буга каршы болгон полиция кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгып, президенттин отставкага кетүүсүн талап кыла башташкан. Муну менен эле тим болбостон алар мамлекеттик телеканалды басып алып, ал аркылуу оппозиционерлердин маалыматын таратууга да өтүшкөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан