29- Март 1996 -жылы
орусиялык геофизик, астроном Николай Парийский каза болгон
Орусиялык геофизик, астроном Николай Парийский 95 жашында Москва шаарында каза болгон.
Николай Парийский 1900-жылы 17-сентябрда Санкт-Петербургда төрөлгөн. 1924-жылы МГУну аяктап, 1960-жылга чейин ошол эле окуу жайда эмгектенген. Окумуштуунун астрономиядагы негизги эмгектери космогония жаатында жана Жердин өз огунда айлануусу жөнүндө болгон.