29- Март 1899 -жылы Советтик мамлекеттик коопсуздукту жетектеген мамлекеттик ишмер Лаврентий Берия төрөлгөн
Советтик мамлекеттик коопсуздукту жетектеген мамлекеттик ишмер Лаврентий Берия Павлович Грузиянын карамагында Сухуми округунун Мерхеули айылында жашаган кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.
1919-жылы Берия Баку шаарында техникалык орто окуу жайдын механик-курулушчу адистигин аяктаган. Бирок, кесиби боюнча бир да жолу иштеген эмес. Студент кезинде эле "сыщик" аттуу лакапты илештирген Берия 1921-жылдан баштап 1931-жылга чейин Грузия, Азербайжан өлкөлөрүндө жооптуу кызматтарда иштеген. 1924-жылы Грузиядагы Совет бийлигине болгон нааразычылыкты ырайымсыздык менен басып, 5 миң грузинди кырдырып салган. Берия жогорку бийликке кетчү жол Сталиндин көңүлүн өзүнө бурдуруу менен болорун туура түшүнгөн. 1932-жылы "Кавказ өлкөлөрүндөгү большевисттик уюмдардын тарыхы" деген китеп жазып, Сталиндин зоболосун жасалма түрдө көкөлөтө көтөргөн. Бирок Сталин кошоматчылыкка жык толгон бул китепти жактырганы менен партиянын кызыкчылыгы үчүн байкамаксан болуп койгон. 
1938-жылы Лаврентий Берия НКВДнын наркому Н.И.Ежовтун биринчи орун басары болуп дайындалган. Ежовго Сталин буйрук гана берип турган. Берия менен болсо көптөгөн маселелерди кеңешип, анын айрым кемчиликтерине көз жумуп келген.
НКВДнын жаңы шефи мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, Ежовдун кадрларын тазалап, өзүнүн адамдарын коет. Так ушул Берия НКВДны жетектеп турганда белгилүү саясый ишмерлер, аскер жетекчилери, интеллигенциянын каймактары репрессияланып атылган. Лаврентий Берия Улуу Ата Мекендик согуш учурунда коргонуу комитетин кошо көзөмөлдөп, кандуу "СМЕРШ" (Смерть шпионам) карателдик отряддарын уюштурган. Согуш учурунда артка чегингендерди, колго түшкөндөрдү сотсуз, сураксыз атуу вазийпасын дал ушул бериялык отряддар жүзөгө ашырып турган. 
1945-жылы Берияга маршал наамы ыйгарылып, ага атом энергиясы, атом бомбасы боюнча комиссиянын төрагалык милдети жүктөлгөн. Алгачкы советтик атом бомбасы да Бериянын жеке көзөмөлү астында жасалган. 1947-1953-жылдар ортосунда Берия Сталиндин эң жакын адамына айланган. Бирок Сталиндин ден-соолугу начарлап, бир өрөөнү шалга учурап, өлүм алдында жатканда Берия биринчилерден болуп жол башчыдан жүз үйрүп, врачтарын киргиздирбей, ажалын тездеттирген. Сталиндин өлүмүнөн кийин Берия партиялык башкаруунун ордуна милициялык режимди орнотууга аракет кылган. Бирок Никита Хрущев баштаган топ 1953-жылы 26-июнда СССР державасынын эң таасирдүү адамынын колуна кишен салып, бир нече жылдан бери жетектеп келген Лубянкасына камашат. Ошентип Берияга "буржуаздык түзүлүштү орнотууга аракет кылган, политбюро мүчөлөрүнүн артынан шпиондук жүргүзгөн, көптөгөн аялдар менен интимдик байланышта болгон" деген айыптар коюлган. Акыры Берия 1953-жылы декабрда атылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан