Ырчы Азиз Жетигенов Талас облусунда туулган. Азиз Жетигенов алгач Мирбек Атабеков, Ильяз Абдыразаков менен биргеликте "Санат" тобунда ырдаган. 1996-жылы Ысык-Көлдө өткөн фестивалда жеке ырчы катары алгачкы жолу сахнага чыгып, түрк тилдүү ырды аткарган. Абдраев атындагы музыкалык мектептин саксофон бөлүмун бүтүргөн. Белгилүү эстрада жылдызы Алина Жетигенованын уулу.