17- Апрель 2013 -жылы Вице-премьер-министр Шамиль Атаханов кызматтан убактылуу четтеп туруу боюнча арыз жазган
Вице-премьер-министр Шамиль Атаханов кызматтан убактылуу четтеп туруу боюнча арыз жазган. Шамиль Атаханов "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин иши иликтенип бүткүчө кызматын тапшырып туруу чечимин кабыл алган. Буга чейин "Батукаев чет өлкөгө учуп кеткен учакты Шамиль Атахановдун уулу Данияр Атаханов жетектеген компания тейлеген" деп депутат Жоомарт Сапарбаев айтып чыккан. 
Ал эми бул күнү Азиз Батукаевдин ишин иликтөөчү депутаттык комиссия кезектеги жыйынын өткөрүп, анда вице-премьер-министр Шамиль Атахановду, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевди, башкы прокурор Аида Салянованы, Нарын шаардык сотунун төрагасы Жапар Эрматовду, адистешкен прокурордун жардамчысы Кубат Жуматаевди жана Нарын шаарындагы №4 СИЗОнун башчысынын милдетин аткаруучу Тилек Абулгазиевди кызматтан убактылуу четтетүүнү өкмөткө сунуштаган. Депутаттык комиссиянын мүчөсү, депутат Дамира Ниязалиеванын айтымында, мындай чечим Батукаевдин иши боюнча тергөө иштерине аталган жарандардын тоскоол болбошу үчүн кабыл алынган. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан