30- Апрель 2013 -жылы Алмазбек Атамбаев Кытайдын Коомдук коопсуздук министри Го Шэнкунду кабыл алган
Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын Коомдук коопсуздук министри Го Шэнкунду кабыл алган. Мамлекет башчы жолугушуу учурунда Кыргызстан Кытай менен болгон достук мамилени баалаарын белгилеген.
Ошондой эле өлкө башчысы ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук кеңешинин катчыларынын жакында эле өткөн жолугушуусу ийгиликтүү болгонун маалымдаган. Өз кезегинде  Го Шэнкунь кыргыздардын меймандостугу үчүн жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жолугушуусун жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, иш-чаралар достук жана кайрымдуулук багытында болгондугун белгилеген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан