1- Сентябрь 1953 -жылы мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев туулган
Абдыганы Эркебаев - кыргыздын мамлекеттик жана коомдук ишмери, сынчы, адабиятчы. Филология илимдеринин доктору (1992), Кыргыз Республикасынын УИАсынын академиги (1993), Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын президенти.
Абдыганы Эркебаев Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит айылында туулган.
1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1976-жылы Москвадагы М.Горький атындагы Дүйнөлүк адабияттар институтунун стажёру, аспиранты болгон. Эмгек жолун Кыргызстан ЛКЖС БКнын пропаганда жана маданий-массалык иштер бөлүмүндө лектор болуп иштөө менен баштаган.
1982-1985-жылдары жана 1987-1988-жылдары КЖПИде орус жана чет өлкөлүк адабияттар кафедрасынын улук окутуучусу;
1985-жылы «Кыргызстан маданияты» гезитинин башкы редакторунун орун басары;
1988-жылы Кыргыз ССРинин ИАсынын Тил жана адабият институтунун директору;
1990-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
1991-жылы Кыргыз Республикасынын Басма сөз жана маалымат министри;
1992-жылы Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри;
1993-жылы Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы;
1995-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты;
1997-жылы Жыйындын төрагасы;
2000-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы, кийинчерээк КРСУнун проректору болуп иштеген.
Абдыганы Эркебаев 10 китептин жана адабият, искусство жана саясат боюнча 200дөн ашык макалалардын, рецензиялардын автору. 1980-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан