25- Июль 1986 -жылы
Актриса жана ырчы Асема Токтобекова төрөлгөн
Актриса жана ырчы Асема Токтобекова Бишкек шаарында төрөлгөн. 2008-жылы Кыргыз улуттук университеттин Эл аралык байланыш факультетин, кийин Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктаган. 2008-жылы "Боз салкын" тасмасындагы мыкты ролу үчүн Баку шаарында өткөн "Восток-Запад" эл аралык кинофестивалында "Эң назик образ" ("За самый женственный образ") байгесине ээ болгон.