1- Декабрь 2011 -жылы Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка киришкен
Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи ирет тынчтык жолу менен, шайлоонун негизинде тандалган Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка киришкен. 
Алмазбек Атамбаев президенттик антын Улуттук филармонияда берген. Ал салтанатта ага президенттин күбөлүгү, төш белгиси жана штандарты тапшырылган. Жаңы президенттин урматына 7 жолу залп атылып, инаугурация аземине Түркиянын президенти Абдуллах Гүл, Грузия президенти Михаил Саакашвили, Орусия президентинин администрация башчысы Сергей Нарышкин, Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов, Тажикстандын премьер-министри Акил Акилов жана Азербайжандын өкмөт башчысы Артур Раси-заде баштаган ондон ашуун өлкөдөн коноктор, эл аралык жана аймактык уюмдардын башчылары катышышкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан