1- Декабрь 2013 -жылы "Форсаж" тасмасынын жылдызы, америкалык актёр Пол Уокер жол кырсыгынан каза болгон

Белгилүү “Форсаж” тасмасы аркылуу таанымал болгон америкалык актёр Пол Уокер автоунаа кырсыгынан каза тапкан. Кырсык Калифорния штатындагы Санта-Кларита шаарында болгон. Аталган шаарга актёр Филиппиндеги тайфундан жабыркагандарга акча чогултуу үчүн өткөрүлгөн кайрымдуулук акциясы үчүн барганы айтылган. Пол Уокер досунун унаасында жүргүнчү катары баратып кырсыкка учурап, экөө тең каза тапкан. Маалыматка ылайык, айдоочу рулду башкара албай калып, жогорку ылдамдыкта бараткан автоунаа даракты сүзүп, күйүп кеткен. 40 жаштагы актёр сентябрь айында тартылып баштаган “Форсаж-7” тасмасында роль жаратып жаткан эле.

Актёрдун: "Мен автоунааларды аябай жакшы көрөм. Эгерде бир күнү мени унаадагы ылдамдык өлтүрсө, кайгырбагыла. Анткени мен жылмайып баратып көз жумган болом", - деп айткан сөзү бар.

Пол Уокер 1973-жылы 12-сентябрда Калифорния штатындагы Глендейл шаарында төрөлгөн. Анын актёрдук карьерасы 2 жашында "Pampers Diapers" аттуу телевизиондук жарнамадан башталган. Андан соң бир катар телекөрсөтүүлөргө жана жарнамалык түрмөктөргө тартылган. Ал эми кинодогу алгачкы ролун 13 жашында "Шкафтагы монстр" комедиясында аткарган. Андан соң "Үйдө ким кожоюн?", "Жаш жана эр жүрөктөр" тасмаларына тартылган. 1994-жылы П.Уокер "Тэмми жана Ти-Рекс" фильминде роль жаратат. Мындан тышкары "Плезантвиль", "Студенттик команда" тасмаларында, 2001-жылдан тарта "Форсаж", "Форсаж-4", "Форсаж-5", "Форсаж-6", "Форсаж-7", "Бейишке кош келиңиздер!", "Артыңа карабастан чурка", "Бейиш долбоору" фильмдеринде башкы ролдорду жараткан.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан