19- Декабрь 1924 -жылы Илим изилдөө иштерин жетектөө боюнча Академиялык борборду ачуу туурасында токтом кабыл алынган
Кыргыз автономиялык Облустун Революциялык комитетинин Президиуму илим изилдөө иштерин жетектөө боюнча Академиялык борборду ачуу туурасында токтом кабыл алган. Академиялык борбор кыргыз тарыхын, маданиятын жана искусство үлгүлөрүн калыбына келтирип, калк арасынан маданият мурастарын жыйноо боюнча эбегейсиз иш алып барган. Илим изилдөө борборуна кыргыз калкынын адегендеги интеллигенция өкүлдөрү чогулуп, алар азыркы кыргыз тил жана адабиятынын калыптанышына, маданият кыртышынын түптөлүшүнө атан төө көтөргүс салым кошушкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан