22- Январь 1994 -жылы "Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз" аттуу ураан Кыргыз өлкөсүндө жашаган калктардын I Курултайында кабыл алынган
"Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз" аттуу ураан Кыргыз өлкөсүндө жашаган калктардын I Курултайында кабыл алынган. Курултайда Кыргыз өлкөсүндө  жашаган калктардын көйгөйү козголуп, этникалык топтор арасындагы ынтымак, ырашкерчиликти арттыруу керектиги белгиленген. Курултай соңунда Кыргыз жергесиндеги калктардын Ассамблеясы уюшулуп, анын жетекчилигине таанымал саясий жана коомдук ишмер С.Бегалиев шайланган. Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жашаган калктардын Ассамблеясына Славяндар фонду, ахысхалык "Астүрк", корейлердин "Чинсон", уйгурлардын "Иттипак", өзбектердин "Орзу", немецтердин "Фольстрат", курддардын "Ныштиман", дунгандардын ассоциасиялары, татар-башкорт калктарынын "Туган тел" маданий борбору, еврейлердин "Менора" маданият коому баш кошкон. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан