23- Январь 1989 -жылы
Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында күчү 5-6 баллга жеткен жер титирөө катталган
Жергиликтүү убакыт менен 05.02 минута өткөндө 5-6 баллдык күчтө жер силкинген. Жер титирөөнүн очогу Дүйшөмбү шаарынын түштүк-чыгышынан 30 км алыстыкта орун алып, зилзаладан Гиссар району катуу жабыркаган. Жер титирөөдөн 1000 чамалуу адам набыт болуп, жүздөгөн үйлөр кыйраган.