23- Январь 1966 -жылы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев туулган
Ош шаарынын экс-мэри Айтмамат Кадырбаев Оштун Кара-Суу шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган. 1990-жылдардын башында облустук бир мекемеде экономист, башкы эсепчи, 1993-1996-жылдары "Ош азык-түлүк соодасы" АКнын инспектору, андан соң директору болгон. 1996-1998-жылдарда Ош шаардык базарлар башкармалыгында жетекчинин орун басары болуп иштеген. Кадырбаевдин өмүр таржымалында 2000-жылдардын башында ал  бир жылдай Чүй облустук ИИБинин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери да болгону жазылган.
Айтмамат Кадырбаев 2010-жылдагы Апрель окуясына чейин Курманбек Бакиевдин командасында иштеген. Оштогу темир-бетон каражаттарын чыгарган заводдун башчысы, 2007-жылы Ош облусунун губернаторунун орун басары болгон. 2010-жылдын 13-майында Бакиевдин тарапташтары менен обладминистрацияны басып алып, “элдик губернатор” аталган. 2012-жылдын март айында Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалган.
2014-жылдын 15-январында Айтмамат Кадырбаев расмий түрдө Ош шаарынын мэри болуп шайланган. 2018-жылы июнь айында мэрликтен кеткен. Андан кийин Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары болуп дайындалган. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан