7- Февраль 1975 -жылы V, VI чакырылыштардагы Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев туулган
V, VI чакырылыштардагы Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Калиновка айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Эсеп-коммерция факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун фискалдык органдарда иштөө менен баштаган. 1997-2000-жылдары Мамлекеттик салык кызматында эмгектенген. 2001-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук мамлекеттик салык кызматынын тышкы көзөмөл боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.
2003-2007-жылдары Чүй райондук кеңешинин депутаты болгон. 2002-жылдан баштап 2005-жылга чейин "Тынай-Ата" биргелешкен дыйкан чарбасын жетектеген.
2005-жылы Финансы министрлигинин Кирешелер боюнча департаментинде фискалдык саясат башкармалыгынын жергиликтүү салыктардын бажы саясаты боюнча бөлүмүндө башкы адис болуп иштеген.
2006-2008-жылдары "Кыргыз газ" акционердик коомунун Чүй башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, кийин жетекчи кызматтарын аркалайт.
2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэринин кызматын ээлеген.
2010-жылдын октябрында “Республика” саясий партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2010-жылдын декабрынан баштап 2012- жылдын июнь айына чейин "Республика" депутаттык фракциясынын жетекчисинин кызматын ээлеген. Ошондой эле, 2010-2012-жылдары "Биримдик жана өнүгүү" жана "Биримдик" парламенттик фракцияларынын көпчүлүк коалицияларынын төрагасы болгон. 2013-жылдын 16-майынан баштап "Ынтымак" депутаттык тобунун жетекчиси болгон.
2015-жылдын июль айынан тартып "Кыргызстан" саясий партиясынын төрагасы, ал эми 2015-жылдын 4-октябрында "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан