26- Февраль 2013 -жылы Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов кызматынан бошотулган
Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов кызматынан бошотулган. Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.
Саясатчы, обончу, аткаруучу Ибрагим Жунусов Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Сарай айылында туулган.
Билими жогорку. 1983-жылы Ош Мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1984-1986-жылдары Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын окутуучусу болуп иштөө менен баштаган.
1986-жылдан 2002-жылга чейин Ош мамлекеттик университетинин педагогикалык факультетинин окутуучусу, доцент болгон. Ал эми 2002-2005-жылдары искусство факультетинин деканы, 2005-2007-жылдары Ош мамлекеттик уинверситетинин биринчи проректору болгон.
2007-жылы “Ак Жол элдик партиясы” саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Ал эми 2010-жылдын февраль айынан ошол эле жылдын апрель айына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директору болуп иштеген.
2010-жылы болсо “Ата Журт” идеологиялык демократиялык партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
2010-жылдын 20-декабрынан баштап Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри болуп эмгектенген.
Ал эми 2011-жылдын 24-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри болуп дайындалган. 2013-жылдын 26-февралында президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Маданият жана туризм министри кызматынан бошотулуп, 2014-жылдын 17-сентябрында Кыргыздын Түркиядагы элчиси болуп дайындалган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан