26- Февраль 2013 -жылы
Бишкекте Ооган кыргыздарынын жашоосун чагылдырган сүрөт көргөзмө ачылган
Бишкек шаарындагы Мамлекеттик тарых музейинде “Бүгүнкүдөн – өткөн мезгилге: Ооганстан кыргыздарынын жашоосу жана турмуш тиричилиги” аттуу сүрөт көргөзмө ачылган. Көргөзмөдө Ооганстандагы Улуу жана Кичи Памирдин бийик тоолуу капчыгай өрөөндөрүндө жашаган кыргыздардын жашоо-турмушун чагылдырган сүрөттөр коюлган. Иш-чара журналисттер Улукбек Бабакулов менен Эгамберди Кабулов тарабынан уюштурулган.