24- Февраль 1955 -жылы америкалык инженер жана жеке ишкер Стив Жобс туулган
Америкалык инженер жана жеке ишкер, “Apple Inc” корпорациясынын негиздөөчүсү Стив Жобс Калифорния штатынын Маунтейн Вью шаарында туулган. Кийин бул шаар дүйнөнүн эң акылдууларын чогулткан микрокомпьютердик технология өндүрүшүнүн борбору болуп калган. Стивди жарык дүйнөгө алып келген ата-энеси аны ымыркай кезинде эле балдар үйүнө таштап кетишет. Төрөлгөндөн эле жетим калган талантты Пол жана Клара Жобстор багып алышкан. Стив төрөлгөн убагына жана жерине жараша өсүп, анык өзгөчө боло алган. Ал кичинекей кезинен чачын өстүрүп, өзү курактуу балдар менен көп сүйлөшкөндү жактырчу эмес. Жалгыздыкты жактырып, өзүнөн улуулар менен жакшы тил табышчу. 16 жашында электрониканы жакшы билип калган Стив өзүнөн 5 жаш улуу Стив Возняк менен таанышат. Кызык­чылык­тары төп келишкен экөө бат эле тил табышышат. Окууну аяктаган соң Жобс университетке тапшырып, бирок бир семестрден кийин эле окуусун таштап салат. Анын себебин 2005-жылы ал “менин колледждеги убакытым текке кетти. Ата-энем өмүр бою чогулткан акчаны окуу үчүн короткум келген эмес” деп түшүндүргөн. Мына ушундан кийин гана ал технология дүйнөсүн түп-тамыры менен өзгөртүүгө аттанат.
Стив жыйырмага чыга электе буддизмге кызыгып, Индияга барып келет. Калифорнияга кайтып келген соң ошол кездеги эң алдыңкы компьютердик оюндарды чыгарган “Атари” компаниясына ишке кирет. Бирок Возняк досу менен 1975-жылдан баштап жеке компьютерлерди чыгарууга бел байлайт. Алгачкы капиталды чогултуу үчүн экөө тең эң баалуу нерселерин сатып, Стив Жобстун гаражында иш башташат. Возняк, чындыгында, электроника тармагында гений болгон. Бирок көптөгөн адистердин айтымында, эгер Жобс болбосо, анын ойлоп тапкан буюмдары текчеде эле чаң басып калмак. Ошентип, алар “Эппл” компаниясын негиздеп, алгачкы “Эппл-1” компьютерин чыгарышат. Стив токтобостон Возняктан "мындан да күчтүүрөгүн ойлоп тап" деп өтүнөт. Возняк биринчисинен кыйла күчтүү “Эппл-2ни” жасап чыгат. 1977-жылы элге тартууланган бул жаңы компьютер бардыгын таң калтырат. 1980-жылга чейин экөө 120 миңдей компьютер сатууга жетишишет. Стив Жобс жеке компьютерлердин революциясын жасаган адам катары тарыхта калат. Көп өтпөй 1984-жылы ал рынокко жаңы компьютер – "Макинтошту" тартуулайт. Тилекке каршы, бир жылдан кийин сатуу абдан төмөндөп, “Эппл” компаниясынын мүдүрлөр кеңеши Стив Жобсту жумуштан четтетүүнү чечишет.
Өзү негиздеген компаниядан чыгарылган инноватор “Эппл­ден” тапкан акчасына “Некст” компаниясын ачат. Тилекке каршы, Стив ал компания менен ийгиликке жети­ше албайт. Анын кийинки кадамы анимация жаатындагы "Пиксар" компания­сын сатып алуу болот. Бул тармакта да көрүнүк­түү өзгөртүүлөрдү жасап, өжөрлүгү менен миллиардер болууга жетишет. Ошол мезгилде “Эппл” компаниясынын абалы абдан начарлап кетет. 1997-жылы Стив Жобс “Эпплга” кайра келет. Ал келери менен компанияны тазалап, таптакыр жаңы багытта иштеп, компаниянын эң негизги атаандашы, "Майкрософттун" кожоюну Бил Гейтс менен кызматташа баштайт. 
Анын биринчи кадамы жаңы iMac же­ке компьютери менен башталат. Андан соң музыкалык ойнотуучу iPod дүйнөнү дүңгүрөтөт. Анын өзгөчөлүгү – өтө ыңгайлуу жана мурункулардан кыйла күч­түү болгондугу эле. 2007-жылы Стив дүйнөгө уюлдук телефондун жаңы муунун, тагыраак айтканда, iPhone`ду тартуулайт. iPhone`го бүткүл дүйнөнүн көңүлү бурулат. Ал эми кийинки кадам технологиялык рыноктон ноутбуктарды сүрүп чыгууга багытталат. 2010-жылы дүйнөгө iPad`ды сунуштайт. “Эпплдын” продукциялары дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан ордун табууга өтөт. Бул жаңы кадамдар технология тармагындагы революция катары бааланат.
Эл алдында күлүп-жайнап жүргөн инноватордун ден соолугу акыркы жылдары начарлап кеткен. 2004-жылы анын уйку безиндеги залалдуу шишик операциянын негизинде алынган. Жакындарынын айтымында, Стив өлүм жөнүндө көп ойлончу. Себеби ал бул жашоодо өчпөс из калтырып кеткиси келген. 2009-жылы ал коомчулукка боорун алмаштырганын жар салган. 2011-жылдын 5-октябрында 56 жаш курагында Стив уйку безиндеги рактын айынан көз жумган.
Стив Жобс өзүнүн өмүрүндө гениалдуу инноватордук таланты менен дүйнөнү өзгөрткөн 13 эркектин катарын толуктап, кийинки муунга мыкты үлгү катары тарыхта калган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан