5- Март 2014 -жылы Камакка алынган саламаттыкты сактоо министринин орун басары Кубанычбек Чойбеков үй камагына чыгарылган
Камакка алынган саламаттыкты сактоо министринин орун басары Кубанычбек Чойбеков үй камагына чыгарылган. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарган. Буга адвокаттын кассациялык даттануусу негиз болгон.
Чойбеков “2013-жылдын 12-июлунда К.Л. аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө медициналык ишмердүүлүк менен алектенүүгө лицензия берген” деп айыпталган.
2014-жылдын 18-февралында министрдин орун басары К.Чойбеков Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 20-февралда К.Чойбековго карата Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренесинин 2-бөлүмү боюнча айып тагылып, ошол эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан аны УКМКнын СИЗОсуна камоо чечими кабыл алынган.
"Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери" төш белгисинин ээси К.Чойбеков 2013-жылдын 24-июнунда саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп дайындалган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан