17- Апрель 1993 -жылы Түркиянын 8-президенти Тургут Озал каза тапкан
Түркиялык мамлекеттик жана саясий ишмер, Түркиянын 1989-жылы шайланган 8-президенти Тургут Озал өлкө башында турган кезинде 65 жаш курагында Анкарада каза тапкан.
Тургут Озал 1927-жылы 13-октябрда Түркиядагы Малатья шаарында туулган. Анын атасы банк кызматкери болсо, апасы Хафиза башталгыч класстарда мугалим болуп иштеген. Атасынын жумушуна байланыштуу үй-бүлө дайыма көчүп жүрүп, ошонун натыйжасында Тургут толук орто билимди Мардинде алган. Ал эми жогорку мектепти Коньеде жана Кайсерде аяктаган. Мектепти аяктаган соң Стамбул техникалык университетине тапшырып, аны 1950-жылы инженер адистиги боюнча аяктаган.
1950-1952-жылдары АКШда иштеген. Ал эми 1980-жылдын 14-сентябрынан тартып премьер-министр Бюлента Улусдун экономика боюнча кеңешчиси болгон. 1982-жылдын 14-июлунда Озал кызматынан кетип, 1983-жылдын 20-майында "Ата мекен партиясы" аттуу партияны негиздеген. 1983-жылкы парламенттик шайлоодо анын партиясы болгон 400 орундун 211 ээ болуп, Тургут Озал Түркиянын кырк бешинчи премьер-министри болуп шайланган. Ал эми 1987-жылкы шайлоодо Озалдын партиясы 292 депутаттык мандатка ээ болуп, ал кайрадан премьер-министр кызматын ээлейт.
1988-жылы 18-июнда "Ата Мекен партиясынын" съезди учурунда Озалдын өмүрүнө Картал Демираг аттуу адам кол салып, эки жолу атканда Тургут Озалдын колуна тийген. Ок атышуунун натыйжасында 18 адам жаракат алган. Сот кылмышкерге өлүм жазага өкүм кылган, бирок кийинчирээк 20 жыл түрмөгө камоого алмаштырган. Озал президент болгон учурунда Картал Демирагды кечирген.
1989-жылы 9-ноябрда Тургут Озал расмий түрдө Түркиянын сегизинчи президенти болуп шайланган. Анын реформаларынын натыйжасында Түркия эң жогорку экономикалык ийгиликтерге жеткен. Ал эркин базар экономиканын жактоочусу болгон.
1993-жылы 17-апрелде Азербайжанга болгон сапарынан кийин Тургут Озал күтүүсүз миокарддын инфарктынан каза болгон. Маркумдун аза зыйнатына Түркиянын бардык аймактарынан көптөгөн адамдар келишкен.
1996-жылдын ноябрь айында түрк ММКлары бир видео жарыялашкан. Анда күрд сепаратистеринин лидери Озалды Түркиянын атайын кызматы ууландырган деп билдирген. Анткени 1993-жылдын 15-апрелинде Озал курддөр менен конфликтти жөнгө салууну макулдашкан жана ошол жөнүндө расмий түрдө 17-апрелде жарыялаган. Президенттин жубайы иштин кайра каралышын талап кылган, бирок анын кайрылуусун эч ким ишке ашырган эмес.
2012-жылы 2-октябрда Стамбулда Тургут Озалдын денесинин калдыктарынан кандайдыр бир уулу зат издөө максатында эксгумациялоо башталган.
2012-жылы 2-ноябрдаТургут Озалдын ткандарынын калдыктарын лабораториялык изилдөөсүнүн натыйжасында, түрк медиктер сейрек учурай турган уулуу заттын калдыктарын табышып, Тургут Озал ууланган деген тыянакка келишкен. Бирок ал боюнча маалымат расмий түрдө далилденген эмес.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан