19- Апрель 2010 -жылы Венесуэлалык мушкер Эдвин Валеро Валенсиядагы түрмөдө өз өмүрүн кыйган
Венесуэлалык мушкер Эдвин Валеро Валенсиядагы түрмөдө өз өмүрүн кыйган. Ал спорттук шымына асынып өлгөн. Ал эми анын абакка түшүшүнө бир күн мурда аялы Женниферди бычактап өлтүргөндүгүн моюнуна алганы себеп болгон. Кедей үй-бүлөдөн чыккан жана атактуулукка муштуму менен жеткен Валеро өз өлкөсүнүн чыныгы сыймыгы болгон. Мушкердин артында 8 жаштагы уулу менен 5 жаштагы кызы калган. Анын мындай терс жоруктарга баруусуна автокырсык учурунда мээсинин чайкалышы себеп болгон. Акыркы мезгилде Валеронун жүрүм-туруму бузулуп, баңгизат колдонуп калган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан