25- Май 1966 -жылы Советтик геолог, минералог, петрограф, геохимик Дмитрий Щербаков каза болгон
Советтик геолог, минералог, петрограф (тоо породаларын изилдөөчү), геохимик Дмитрий Щербаков 73 жашында Москва шаарында каза болгон
Ал 1893-жылы 1-январда (кээ бир маалыматта 13ү) Орусиянын Брянск облусунун Новозыбков шаарында туулган. 1911-жылы Санкт-Петербургдагы гимназияны аяктап, Политехникалык институттун металлургиялык бөлүмүнө тапшырат. Окуусу менен бирге 1913-жылдан баштап Крымдагы жанар тоо породаларын изилдөө лабороториясында иштей баштайт. 1919-жылы граждандык согуштун айынан Крымдагы университетке которулуп, окуусун улантат. Окуу менен катар 2 жылдан ашык окуу жайдагы профессордун жардамчысы болуп иштейт. 1921-жылы окуусун алтын медаль менен аяктап, илимий кызматкер катары Санкт-Петербургдагы Өндүрүш күчтөрүн изилдөөчү комиссиянын курамына кошулуп, илимий экспедицияларга чыга баштайт. 1922-1923-жылдары Орто Азияга болгон экспедицияда геохимиялык бөлүмгө башкы радиолог болуп дайындалат. 1928-1938-жана 1953-1963-жылдарда СССРдин Илимдер академиясынын Тажик-Памир, андан кийин Орто азиялык илимий экспедицияны жетектеген. Ал жетектеген топ 1954-жылы Кыргыз жеринин түштүгүнөн сурьма жана сымап кенин ачышкан. Бул жетишкендиктери үчүн ал 2 жолу Ленин орденине жана бир нече медалдарга татыган. Анын ысымы минералдык затка берилип “щербаковит” деп аталат.
Анын эмгеги үчүн Кыргыз мамлекетинен тышкары Индия деңизинин алдындагы тоого жана Антарктидадагы Орвин тоолоруна ысымы ыйгарылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан