28- Май 1912 -жылы
Австралиялык жазуучу Патрик Уайт туулган
Австралиялык жазуучу, "Нобель" сыйлыгынын лауреаты (1973) Патрик Уайт Лондондо туулуп, 1990-жылы 30-сентябрда 78 жашында Сиднейде көз жумган. Ал адабият дүйнөсүнө эпикалык жана психологиялык чеберчилик ыкмасын тартуулаган. Патрик Уайт XX кылымдагы англис тилинде жазган эң мыкты романисттердин бири болгон.