28- Май 1985 -жылы
Ди-джей Алина Баженова төрөлгөн
"Европа плюс" радиосундагы таңкы "УтроФиолет" берүүсүн алып барып, өзүнүн мукам үнү менен көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган ди-джей Алина Баженова Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн. Өз аты-жөнү – Кулибаева Айжан Дөөлөталиевна. Орус мектеп-гимназиясын бүтүп, кийин Улуттук университеттин журналистика факультетин аяктаган. "Европа плюска” чейин “21-кылым” радиосунда иштеген.