27- Июнь 1937 -жылы Акын Эсенгул Чопиев туулган
Акын Эсенгул Чопиев Кемин районундагы Кызыл-Байрак айылында туулган. 1956-жылы Кемин районунун Карл Маркс орто мектебин, 1961-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1961-1967-жылдары республиканын Алай, Аламүдүн жана Кемин райондорунун орто мектептеринде мугалим болуп иштеген. 1967-жылдан Кемин райондук "Эмгек жарчысы" гезитинин редакциясында адабий кызматкер, бөлүм башчы, 1975-жылдан жооптуу катчы болуп эмгектенген.
Чыгармаларын 1958-жылдан баштап жарыялай баштаган. Биринчи поэтикалык жыйнагы "Жаштык учкуну" деген ат менен 1969-жылы басылып чыккан. Негизинен сатира жанрында эмгектенип, тамсил, юмор, интермедия, пародияларды жазган. Акындын жары көргөн китептери: "Жаштык учкуну" (1969), "Тамсилдер" (1972), "Чыйрыктырмалар: Сатиралык ырлар" (1980), "Дарылоо: Сатиралык ырлар, эпитафиялар" (1983), "Күндөрүм: Ырлар жана поэма" (1984), "Мен ырдайм: Поэма жана ырлар" (1987), "Өмүр сапары: Ырлар жана поэмалар" (1990).
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан