7- Февраль 1950 -жылы обончу, ырчы Асанкалый Керимбаев төрөлгөн
Обончу, ырчы Асанкалый Керимбаев Аксы районунун Иринжит айылында туулган. 1967-1969-жылдары Токтогул райондук элдик театрында артист болуп иштеп баштаган. 1973-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн.
1974-1984-жылдары Токтогул элдик театрында, кийин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында, Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде иштеген.
Асанкалый Керимбаев 100гө жакын обондун автору. Анын "Муңдашым Мунар, кайдасың?", "Кусалык", "Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат", "Сулуулар", "Ак булуттар" жана башка ондогон обондору эл оозунда ырдалып келет.
Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты. 1976-жылы Эл чыгармачылыгынын Бүткүл союздук фестивалынын жана республикалык бир топ кароо-сынактардын жеңүүчүсү болгон.
2004-жылы анын Рыспай Абдыкадыров, Э.Маданбеков менен бирдикте "Үч кайнар" аттуу обондуу ырлар жыйнагы жарык көргөн. 1996-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы берилген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан