2- Август 1825 -жылы Жыргалаңдагы бугу уруусунун арык тукумунан чыккан Олжобай Түлөбердиевдин айылында кыргыз аксакалдары менен бийлеринин курултайы өткөн
Жыргалаңдагы бугу уруусунун арык тукумунан чыккан Олжобай Түлөбердиевдин айылында кыргыз аксакалдары менен бийлеринин курултайы өткөн. Курултайда Кыргызстанга келген Т.В.Нюхалов менен Ф.К.Зибберштейндин экспедициясынын максатын түшүндүргөн кат тапшырылган.
Ф.К.Зибберштейндин жазганына караганда, ушул эле маалда бугу кыргыздарына Кокон хандыгынан элчилик келген. Алар кыргыздарды бөлүп-жаруу жолу менен хандыктын курамына киргизүү максатында сарыбагыш кыргыздарын түгөл кыруу үчүн биргелешип аракет көрүүнү сунуш кылышкан. Бирок бугулар кокондуктардын кайраштырма саясатын кабыл албай, абийирсиз сунушту четке кагышкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан