2- Август 2007 -жылы Терең сууга ылайыкташтырылган “Мир” аппараты дүйнөдө биринчи жолу Түндүк Муз океанынын түбүнө түшүрүлгөн
"Арктика‑2007" экспедициясынын негизинде терең сууга ылайыкташтырылган “Мир” аппараты дүйнөдө биринчи жолу Түндүк Муз океанынын түбүнө түшүрүлүп,  ал жерге Орусиянын титан туусу орнотулган. Бул экспедициянын жетишкендиктери Гиннес рекорддорунун китебине жазылган.
"Мир" аппараттарынын курулушу 1985-жылы финляндиялык фирмада П.П.Ширшов атындагы океанология институтунун инженерлер тарабынан жасалып башталган. Аппараттар 1987-жылы жасалып бүткөн. 
Бул аппараттардын жардамы менен суу астында 3800 метр тереңдикте жаткан "Титаник" кемесин 1991-1995-жылдары да изилдешкен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан